Ишкер Жалил Атамбаев уюшкан топту каржылаган деген айып менен камалды

"Азаттыктын" 2019-жылдагы иликтөөсүнөн алынган сүрөт. Жалил Атамбаев.

Ошто ишкер катары таанылган мурдагы милиция кызматкери Жалил Атамбаевди августтун башында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери кармаганы белгилүү болду. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси (“Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо”) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Бирок анын кайсы топту каржылаганы тууралуу маалымат тактала элек.

Жалил Атамбаев Бишкектин Октябрь райондук сотунун 8-августтагы чечими менен (А. Ж. С.) 4-сентябрга чейин камакка алынып, Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилгенин Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы "Азаттыкка" маалымдады.

Жалил Атамбаев 2021-жылы "Мыйзамсыз баюу" беренеси менен айыпталып кармалып, эртеси үй камагына чыгарылган. УКМК ал тергөө менен кызматташуу нугунда 50 млн сом төлөп бергени, калган 50 млн сомду бир айдын аягына чейин төлөп берүүгө милдеттендирилгенин кабарлаган.

2018-жылы Жалил Атамбаевдин экc-депутат Нургазы Айдаров жана "Салимбай байбача" деген каймана аты бар өзбекстандык кримтөбөл Салим Абдувалиев менен чогуу түшкөн видео тасма тараган.

Жалил Атамбаев - ресторан-кафелердин, көп кабаттуу үйлөрдүн жана ишканалардын ээси. Мурда Ош эл аралык аэропортунун милиция кызматынын башчысы болуп иштеген. 2019-жылы Ж.Атамбаевге жана анын жакындарына таандык компаниялар 40 миллион сомдук салыкты жашырганы аныкталган.

“Азаттык” 2019-жылы Жалил Атамбаев тууралуу "Ош: салыктан буйтаган "ишкерлер"” деген иликтөөсүн жарыялаган. Анда салыктан качкан ишкерлер, алардын ичинен Жалил Атамбаев жөнүндө да сөз болгон.

Атамбаев “Азаттыктын” ошол кездеги кабарчысы Ыдырыс Исаковду сотко берип, кийин арызын кайтарып алган. (ZKo/BTo)

Дагы караңыз

Акыйкатчы майыптыгы бар кыздын укугу тууралуу маселе көтөрдүИран соту эки журналистти “кызматташтык” боюнча актады, башка өкүмдөрүн күчүндө калтырдыКыргызстанда Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору түзүлдүКыргызстандын Олимпиада ийгилигиЗеленский Батышты курал колдонууга коюлган чектөөнү алып салууга үндөдүУКМК казакстандык ишкер Ясынжан Таировго издөө жарыялады