Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:02

Иран соту эки журналистти “кызматташтык” боюнча актады, башка өкүмдөрүн күчүндө калтырды


Элахе Мохаммади жана Нилуфар Хамеди. Архивдик сүрөт.
Элахе Мохаммади жана Нилуфар Хамеди. Архивдик сүрөт.

Иранда “душман чет мамлекет менен кызматташкан” деген айып менен соттолгон эки журналист аял акталды. Бирок, “Фарда” радиосунун маалыматына караганда, соттун чечими менен Нилуфар Хамедиге жана Элахе Мохаммадиге “мамлекеттик коопсуздукка каршы кутум” деген айып боюнча ар бирине беш жылдан, “ислам жумуриятына каршы үгүт” деген айып боюнча бир жылдан абак мөөнөтү чегерилди.

2023-жылдын сентябрь айында “душман чет мамлекет менен кызматташкан” деп айыпталган 31 жаштагы Нилуфар Хамеди 13 жылга жана 36 жаштагы Элахе Мохаммади 12 жылга кесилген. Быйыл январда экөө тең күрөөгө бошотулган.

2022-жылы Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен 22 жаштагы студент кыз Махса Амини абакта каза болгон. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып беришкен.

Амининин абактагы өлүмүнөн кийин өлкөнүн бир нече аймагында нааразылык акциялары башталган, жүздөгөн киши кармалып, кеминде 200дөй адам өлүм жазасына тартылган.

«Ирандагы адам укуктары боюнча борбор» (CHRI) уюмунун маалыматына караганда, 2023-жылы Иранда 700 адам дарга асылган. (RK)

XS
SM
MD
LG