Акыйкатчы майыптыгы бар кыздын укугу тууралуу маселе көтөрдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Акыйкатчы (Омбудсмен) Жамиля Жаманбаева "Ысык-Көлдө зордукталган экинчи топтогу майып кыздын укугун коргоону тиешелүү мамлекеттик органдардан талап кылды". Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы 12-августта маалымдады.

Жамиля Жаманбаева мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын кордолушуна тынчсызданганын билдирди:

“Мындай жарандар ансыз да мамлекеттик деңгээлде өзгөчө корголууга муктаж. Тилекке каршы, майыптыгы бар кыздарыбыздын кордолушу мени өтө тынчсыздандырат. Мамлекеттик жана укук коргоо органдары өзгөчөлүгү бар жарандарга кордук көрсөткөндөргө катаал чараларды көрүшү керек. Биз баарыбыз бирге өзгөчөлүгү бар жарандарыбызга коопсуз шарт түзүп, жетиштүү деңгээлде колдоого алышыбыз зарыл”, - деди Акыйкатчы.

Мекеменин басма сөз кызматы 12-августта кабарлагандай, жабырлануучу кыздын ата-энеси милиция кылмышка шектүүлөрдүн бирин кармабай жатканына нааразы болууда.

Маалыматка ылайык, бул маселе боюнча Акыйкатчы институтунун Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү кыздын өзүнө жана апасына укуктук жардам көрсөтүп, аларды акысыз жактоочу менен камсыз болушуна көмөктөштү. Ошондой эле кыз психологго да көрүндү.

Акыйкатчынын өкүлү Ысык-Көл облусунун жаңы дайындалган прокурору менен жолугушууда бул ишти жеке көзөмөлүнө алууну сунуштаган.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз кызматы бул иш боюнча эки жаран кармалганын 5-августта билдирген. Алар Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси ("Зордуктоо") менен козголгон кылмыш ишине шек саналып жатканы кабарланган. Маалыматта Каракол шаарынын 31 жаштагы тургуну эки айга абакка камалып, экинчи шектүү - Түп районунун 36 жаштагы тургуну тергөө аяктаганча үй камагына жиберилгени айтылган.(ZKo)

Дагы караңыз

Кыргызстандын Олимпиада ийгилигиЗеленский Батышты курал колдонууга коюлган чектөөнү алып салууга үндөдүУКМК казакстандык ишкер Ясынжан Таировго издөө жарыяладыЗапорожье атомдук электр станциясында ири өрт чыктыЫсык-Көлдө селдин кесепеттерин жоюуга 120 адам тартылды