Таш-Көмүр шаарында турак жайдан чыккан өрттөн төрт адам каза болду

Өрт чалган үй. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын Панфилов №193 дарегиндеги турак жайдан чыккан өрттөн төрт адам каза тапты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына ылайык, кырсык 11-августта болгон.

Өрттү өчүрүүгө Таш-Көмүр шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн эки өрт өчүрүү автоунаа, куткаруучулар тартылган.

Тилсиз жоодон 6 жаштагы кыз, 10, 13 жаштагы балдар жана 63 жаштагы эркек киши каза болгон. Алардын сөөгү шаардык ички иштер бөлүмүнө өткөрүп берилген. Өрт эмнеден чыкканы азырынча белгисиз.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда былтыр баш-аягы 3 497 өрт кырсыгы катталып, андан 35 адам каза болгон. 31 киши жаракат алган. Тилсиз жоо 1 млрд 410 млн 377 миң сом материалдык зыян алып келген. (BTo/TB)

Дагы караңыз

Москва: "Казак диаспорасынын" башчысы "фейк тараткан" деп айыпталдыИзраил армиясы Хан-Юнистин тургундарына башка жерге көчүүнү эскерттиИран: Тышкы иштер министрине Аббас Аракчинин талапкерлиги көрсөтүлдүАКШ: Трамптын штабы ирандык хакерлер чабуул койгонун билдирдиСербия: Полиция литий казууга каршы чыккандарды күч менен таркаттыАКШ Газадагы мектепке урулган соккуга тынчсыздануу билдирдиПариж-2024: Айпери Медет кызы коло медал үчүн беттеште жеңилди