Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:24

Иран: Тышкы иштер министрине Аббас Аракчинин талапкерлиги көрсөтүлдү


Аббас Аракчи Венадагы сүйлөшүүдө, 2-июнь, 2021-жыл
Аббас Аракчи Венадагы сүйлөшүүдө, 2-июнь, 2021-жыл

11-августта Ирандын президенти Масуд Пезешкиан 61 жаштагы, Батышта билим алган дасыккан дипломат Аббас Аракчинин талапкерлигин тышкы иштер министрине көрсөттү. Жаңы шайланган президент Пезешкиан Министрлер кабинетинин түзүмүн сунуш кылды.

Аббас Аракчи 2013-2021-жылдары Тегеран менен дүйнөлүк державалар жетишкен өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүүлөрдө Ирандын башкы өкүлү болгон. Ал Ирандын Жапониядагы, Финляндиядагы жана Эстониядагы элчиси кызматын аркалаган.

2017-2021-жылдары тышкы иштер министринин орун басары болгон. Мухаммад Жавад Зариф тышкы иштер министри болуп турганда Аракчи тышкы саясатты тейлеген мекемеде таасирдүү аткаминер деп саналчу.

30-июлда Масуд Пезешкиан Иран парламентинде ант берип, кызматка киришкен.

Ислам жумуриятында президенттин ыйгарым укуктары чектелүү. Жогорку руханий лидер аятолла Али Хаменеи өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн башчысы жана сот системасынын жетекчисин дайындап, негизги саясий суроолорду өзү чечет.

Ирандын мурдагы президенти Эбрахим Раиси, тышкы иштер министри Хосейн Абдоллахиян жана башка бир нече киши бараткан тик учак 19-майда Ирандын Азербайжан менен чек арасында кырсыкка учурап, ичиндеги сегиз кишинин баары каза болгон.

XS
SM
MD
LG