Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:35

Сербия: Полиция литий казууга каршы чыккандарды күч менен таркатты


Белградда литий казуу долбооруна каршы чыккандар, 10-август, 2024-жыл
Белградда литий казуу долбооруна каршы чыккандар, 10-август, 2024-жыл

Сербиянын баш калаасы Белградда литий казууга каршы чыккандарды полиция күч менен таратты. Нааразылыкка чыккандарга полиция эртең менен саат 5:30га чукул шаардагы Прокоп жана Нови-Београд темир жол станцияларында күч колдонгонун Beta маалымат агенттиги демонстранттарга таянып жазды.

Сербиянын ички иштер министрлиги демонстранттар үзгүлтүккө учураткан темир жол каттамдары калыбына келтирилгенин билдирди. Министрлик поезд каттамына тоскоолдук жараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.

10-августта Белграддын борборуна чогулган он миңдеген киши эки топко бөлүнүп, темир жол станцияларына бет алган. Алардын айрымдары темир жолго отуруп же жатып алып, поезддерге тоскоолдук кылган.

Нааразылыкка чыккандар Сербиянын батышындагы Ядар аймагында британ-австриялык металлургиялык гиганттын Rio Tinto литий казуу долбоорун экологиялык жүйөдөн улам токтотууну талап кылды.

Нааразылыкты уюштуруучулардын бири Златко Коканович өлкөнүн башка шаарларында да митингдер уланарын 10-августта айтты.

2022-жылы серб өкмөтү элдин жапырт каршылыгынан улам бул долбоорду четке каккан.

Быйыл 16-июлда Конституциялык сот өкмөт Rio Tinto долбооруна уруксатты мыйзамсыз четке каккан деп тапкан.

Соттун чечиминен үч күндөн кийин Белградда Евробиримдик менен серб өкмөтү «стратегиялык өнөктөштүк» тууралуу меморандумга кол койгон. Немис канцлери Олаф Шольц электромобилдин жана мобилдик жабдыктардын аккумуляторундагы негизги компонент - литийди өндүрүү Европага зарыл экенин белгилеген. Немис лидери кен казуу айлана-чөйрөнү коргоодогу «эң жогорку стандарттарга ылайык жүргүзүлөрүн, Германия ага көмөктөшөрүн» айткан.

XS
SM
MD
LG