Талас облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт.

Талас облусунда 10-августта эртең мененки саат 10.26да очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Өзгөчө кырдаалдалдар министрлиги Сейсмология институтуна таянып, Бакай-Ата районунун Маданият, Ынтымак айылдарында, Талас районунун Козучак айылында жер титирөөнүн күчү 3 балл болгонун билдирди. Ал эми жердин силкинүүсү Огонбаев, Калба, Кум-Арык жана Өзгөрүш айылдарында, Талас шаарында 2,5 баллга (Ынтымак айылынан 15 чакырым түштүктө, Талас шаарынан 25 чакырым түштүк батышта) жеткен. Алдын ала маалыматтарга ылайык, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок

Быйыл жыл башынан бери Бишкекте, Чүйдө, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында бир нече жолу күчү 3-4 баллды түзгөн жер силкинүү катталды.

Кытайдын аймагында 23-январга оогон түнү күчү 8 баллга жеткен жер титирөө болуп, анын толкуну Казакстанда жана Кыргызстанда да катуу сезилген.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги силкинүү Жети-Өгүз районунун “Кумтөр” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын шаарында 4 балл, Бишкек шаарында 3 баллга жеткенин, кыйроолор жана жапа чеккендер жок экенин кабарлаган.

Дагы караңыз

Париж-2024: Иман Хелиф Олимп оюндарынын чемпиону болду Курск, Брянск жана Белгороддо “контртеррористтик операция” режими киргизилдиИранда бир күндө 29 адам дарга асылды Бишкек: катуу шамалда ондогон бак кыйрап, көп кабаттуу үйлөрдүн чатыры сынды