Тажик бийлиги Тоолуу Бадахшанда 30дай киши кармалганын ырастады

Тажикстандын Ички иштер министрлигинин биринчи орун басары Абдурахмон Аламшодоза.

Тажикстандын Ички иштер министрлигинин биринчи орун басары Абдурахмон Аламшодоза Тоолуу Бадахшан облусунун 27 тургуну камалганын ырастады. Буга чейин бул тууралуу "Озоди" радиосу жазган.

8-августта Аламшозода баш калаа Дүйшөмбүдө өткөргөн маалымат жыйында алардын баары "Ансарулло" тыюу салынган уюмуна катыштыгы бар деген шек менен камакка алынганын билдирди.

"Изделип жаткандардын катарына дагы төрт киши кошулду", - деп кошумчалады Аламшозода. Тажик бийлиги алгачкы ирет соңку камоолор тууралуу маалыматтарды бышыктады.

"Озоди" радиосу бир нече айдан бери Язгуломанын (Тоолуу Бадахшандагы калктуу конуш) тургундары камалып жатканын алардын жакындарына таянып жазып келет. Камалгандардын көбү Орусиядан экстрадициялангандан кийин бир нече ай жакындары менен байланыша алган эмес.

Тоолуу Бадахшан автоном облусунун тургундары көп жылдан бери басым алдында жашайт. 2022-жылы аймактагы нааразылык акциясы күч менен басылгандан кийин репрессиялар күчөп кеткен. Бийлик ал окуяларда 10 киши набыт болуп, 30дайы жараат алганын билдирген. Ал эми Рушон районунун тургундарынын айтымында, башамаландыктар болгон жерде 21 адамдын сөөгү табылган.

Андан бери аймактын ондогон тургуну экстремизм менен террорчулукка айыпталып узак жылга кесилген.

Дагы караңыз

Politico: Иран Израилге сокку уруудан баш тартышы мүмкүнЧет өлкөлүктөрдү мажбурлап кармоого шектүүлөр кармалдыОрусияда YouTube платформасы дээрлик ачылбай калды