Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:36

Чет өлкөлүктөрдү мажбурлап кармоого шектүүлөр кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте 57 жаштагы аял жана 22, 24 жаштардагы эки киши чет өлкөлүк жарандарды күч менен кармап турган деп шек саналып кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер бөлүмү кабарлады.

Милициянын маалыматында, Бишкектин Жибек-Жолу көчөсүндөгү кийим тигүүчү цехтердин биринде анын жетекчиси чет өлкөлүк үч жаранга зомбулук көрсөтүп, күч менен камап турганы аныкталган.

Учурда Кылмыш жаза кодексинин 138-беренеси (“Уруп-сабап кыйноо”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Кыргызстанда соңку жылдары Индия, Пакистан, Бангладештен келген эмгек мигранттары көбөйдү. Алардын көпчүлүгү кызмат көрсөтүү жана тигүү цехтеринде эмгектенет. “Азаттык” буга чейин алданып калган же эмгек акысын ала албай жүргөн чет элдиктер жөнүндө берүүлөрдү даярдаган.

Министрлер кабинети 2024-жылга карата чет элдик жарандарга Кыргызстанга келип иштөөгө 25 миң квота бекитип берген. Өкмөт бул квоталар жумушчу күчү тартыштыгынан улам ишкерлердин өтүнүчү менен көбөйтүлгөнүн айтууда. (TSh)

XS
SM
MD
LG