Аба ырайы: 9-августта күн ысыйт

10-августтан 12-августка чейин күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайы жана нөшөрлүү жаандан улам, өлкөнүн
тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

9-августта түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күңдүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18…23, күндүз 34…39;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 19…24, күндүз 34…39;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 28…33.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 21…23°, күндүз 37…39° ысыйт.

Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17°, күндүз 25…27° жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 7-августта күндүз 23,5°, 8-августта эртең менен 22° түздү.

Дагы караңыз

Сот Көлбаевдин апасын жети жылга кесип, бир жылдык шарттуу жаза бердиОрусиянын Курск облусунда айыгышкан салгылаш улануудаИшкер уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү делген шек менен кармалдыТоктогулда суунун көлөмү 12 млрд метр кубдан ашты