Британия: Интернеттеги фейк, мигранттарга каршы зомбулук

Ротерхэм шаары. 4-август, 2024-жыл

Британияда бир нече күндөн бери тоз-тополоң токтобой келатат. Бир жума мурун Саутпорт шаарындагы бий клубунда үч секелекти өлтүрүп кетишкенден кийин башталган башаламандык өлкөнүн башка жерлерине жайылды.

Интернетте кылмыш үчүн мусулман мигрантты айыптаган жалган маалымат тараганы үчүн келгиндер, мечиттер бутага алынган. Өкмөт 400 киши камакка алынганын билдирди.

Британия мындай зомбулукка көп жылдардан бери күбө боло элек эле.

Премьер-министр Кир Стармер шейшембиде полиция жетекчилери, министрлер менен курган чукул жыйындан кийин мусулмандарга, мигранттарга каршы козголоңду басуу үчүн полиция көчөлөрдү күнү-түнү кайтарарын билдирди:

“400дөн көп киши камакка алынды, 100 кишиге айып тагылды, айрымдары интернеттеги посттору үчүн күнөөлөнүп жатат. Көбүнүн иши сотто каралууда. Аптанын аягына чейин алардын өкүмү чыга баштайт деп үмүттөнөм. Бул окуяларга түздөн-түз же онлайн аралашкан адамдардын бардыгына бир жуманын ичинде мыйзам алдында жоопко тартыласыңар деген эскертүү болмокчу. Эч ким, эч ким мындай тополоңго катышпоого тийиш”.

Премьердин айтымында, тополоң бир нече жерде уюштурулгандыктан, абал татаалдашып кетти.

Жекшембиде Стармер ал окуяларды нааразылык акциясы эмес, “уюшулган ырайымсыз бандиттик” деп сыпаттап, “андайга биздин көчөлөрдө да, интернетте да орун жок” деп айткан.

Каза тапкан кыздарды эскерүү иш-чарасы. Саутпорт, 5-август, 2024-жыл

Өткөн айдын этегинде Англиянын түндүгүндөгү Саутпорт шаарында үч кыз бычак жеп каза тапкандан кийин мигранттарга каршы жалган маалыматтар тарап кетип, бир нече шаар толкундоолордун кучагында калды.

Интернетте кылмыш үчүн мусулман иммигрант Али Ал-Шакати деген кишини айыптай башташкан. Бирок иш жүзүндө шектүү адам теги руандалык британ жараны, 17 жаштагы Аксель Муганва Рудакубана болуп чыкты. Үй-бүлөсү христиан динин тутат. Полиция кылмыштын себебин аныктай элек, бирок терроризмди жокко чыгарды.

Мыйзам боюнча полиция сот уруксат бермейинче шектүүнүн атын атабай турду, ал аралыкта интернетте мусулман-мигрант тууралуу жалган маалымат ылдам жайылып жатты.

Ошентип отуруп, онлайн зомбулук көчөлөргө чыгып кетти.

Ливерпуль, Бристоль, Манчестер, Түндүк Ирландиядагы Белфастта ашынган оңчулдар башкалка сураган качкындар жашаган жатакананы өрттөшкөн, бир нече имаратты, машиналарды талкалашкан, мечиттерге өрт коюуга аракеттенип, полициячыларды ташбаранга алып, күйүүчү зат толтурулган бөтөлкөлөрдү ыргытышкан, мусулман мигранттардын дарегине акаарат келтирген сөздөрдү кыйкырышкан.

Бир нече жерде кафе, дүкөндөр талап-тоноолорго туш болду. Ливерпулда китепкана өрттөнүп кетти. Ондогон тартип коргоочу жаракат алды.

Ашынган оңчулдардын демонстрациясы. Бристоль, 3-август, 2024-жыл

Жергиликтүү тургундар мындай зомбулукка жол берилбнши керек деп айтышат:

“Үрөй учурат. Мен африкалык балдарга англис тилин үйрөнүүгө жардам берем. Мугалим эмесмин, өлкөнүн маданияты, жалпы маалымат менен тааныштырып жүрөм. Жакын дос болуп калгандар бар. Алар мусулман, таза, жаман ишке барбаган балдар. Балким британдарга караганда жакшы балдар. Мындай мамилеге татыктуу эмес”.

“Абдан өкүнүчтүү көрүнүш. Өзгөчө Ливерпулда мигранттар көп. Башка жерлерден көчүп келгендер жашайт. Мен мурда турган райондо түштүк азиялык, Жакынкы Чыгыштан келген жамааттар көп болчу. Алардын бардыгы жакшы адамдар. Дүкөндөрү таланып-тонолгонун, көчөдө аларга асылгандарын көргөндө кейип кетесин. Мындайга жол бербеш керек”.

Башаламандыктарды социалдык тармактардан координациялап турушту. Би-Би-Синин маалыматына ылайык, #EnoughlsEnough (Жетишет!) деген хэштег менен чыккан маалыматтарды анча таанылбаган неонацист топ таратып жатты.

Алар Х (мурдагы Твиттер) платформасын пайдаланышкан. Андан тышкары тополоңдорго байланышкан кабарлар жана бурмаланган маалыматтар Facebook, Tiktok, WhatsApp, Telegram каналдарындагы чаттарда, тайпаларда жарыяланып келди.

Х социалдык тармагынын ээси Илон Маск "Британия жарандык согуштан качып кутула албайт" деп жазгандан кийин британ өкмөтүнүн сынына кабылды.

Премьер-министр Стармердин кеңсеси андай комментарйиди катуу айыптап, “орунсуз” деп сыпаттады.

Эксперттер бул окуялар кызматка бир ай мурун келген өкмөт башчы үчүн чоң сыноо болуп калганын белгилешет.