Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:31

"Жаңылануунун жаңы барагын ачабыз". Британияда өкмөт алмашты


Кир Стармер.
Кир Стармер.

Британияда парламенттик шайлоодо Кир Стармер башында турган Лейбористтер партиясы алдыга чыкты. Алдын ала жыйынтыктырга караганда, алар 410 аймакта жеңди.

Бул шайлоодо 14 жылдан бери өкмөттү жетектеп келген консерваторлор утулду.

Лейбористтер партиясынын лидери Кир Стармер Лондондо тарапкерлеринин алдында сүйлөгөн сөзүндө "Өзгөрүү дал азыр башталууда" деп жар салды.

Жаңы премьер-министр Стармер өзү да, анын солчул-борборчул партиясы да Британиянын экономикалык көйгөйлөрүн жана өлкө ичиндеги кымбатчылыкка байланыштуу кризисти чечүүгө жаңыча мамиле болорун убада кылышууда.

Тышкы саясатта Украина боюнча буга чейинки өкмөт жүргүзүп келген аскердик жана дипломатиялык колдоо саясатында олуттуу айырма болбой турганын ишарат кылышкан.

Лейбористтер бийликке келсе, расмий Лондон Орусияны Европа үчүн коркунуч катары кароону улантарын айтып, НАТОдогу өнөктөштөрдү ошого ынандырып келген.

Украин президенти Владимир Зеленский консерваторлордун көрсөткөн колдоосуна ыраазычылык билдирип, лейбористтерди шайлоодогу "ишенимдүү жеңиши" менен куттуктады.

"Украина жана Улуу Британия ишенимдүү союздаш болуп келген жана эч нерсеге карабастан ошондой бойдон кала берет. Биз адам өмүрү, эркиндиги жана эл аралык тартипке негизделген эрежелер боюнча жалпы баалуулуктарыбызды коргоону, өнүктүрүүнү уланта беребиз", - деп жазды украин лидери X (мурдагы Twitter) баракчасына.

Зеленский Стармерге "Улуу Британиянын дүйнөлүк аренадагы лидерлигин бекемдөөдө" ийгилик каалады.

Британиядагы шайлоодо лейбористтер жеңди
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:39 0:00

"Украина менен Улуу Британиянын өнөктөштүгүн бекемдөө жана эл аралык тынчтык менен коопсуздукту калыбына келтирүү боюнча тыгыз кызматташ болорубузга үмүттөнөм", - деп кошумчалады Зеленский.

Мурдагы юрист 61 жаштагы Стармер Лейбористтер партиясынын башына төрт жыл мурда келген.

"Бирок мындай мандаттын чоң жоопкерчилиги да бар. Биздин милдет - өлкөнү бекемдей турган идеяларды жаңылоо гана. Улуттук жаңылануу. Биз башаламандыкты токтотобуз деп айтканбыз, ооба, токтотобуз. Жаңы барак ачабыз дегенбиз, ачтык. Бүгүн биз жаңы багытка киришип, өзгөрүү жана улуттук жаңылануу миссиябызды, өлкөбүздү калыбына келтирүү ишибизди баштап жатабыз", - деди ал тарапташтарына.

Кызматын өткөрүп берген консерватор саясатчы Риши Сунак НАТОнун Украинага көрсөтүп жаткан колдоосун, бардык эл аралык жардамды, анын ичинде курал-жарак жагынан камсыздоону активдүү кубаттап келди.

Зеленский өз кайрылуусунда Сунакка жана анын өкмөтүнө "туруктуу колдоосу", "жалпы жетишкендиктер", анын ичинен танктар, Storm Shadow ракеталары берилгени, украин учкучтары үчүн F-16 машыгуулары өткөрүлгөнү жана Орусия кол салгандан кийин биринчи болуп коопсуздук жаатындагы кызматташтык тууралуу келишим кабыл алынганы үчүн ыраазылыгын айтты.

Британиянын жаңы өкмөтүндө тышкы иштер министри боло турган Дэвид Лэмми лейбористтердин бийликке кайтып келиши менен өлкөнүн тышкы саясатында "прогрессивдүү реализм" башталарын билдирди. Ошону менен катар ал консерваторлордун "14 жылдан берки башаламандыгы" деген баракты жабууга убакыт жеткенин кошумчалады.

Лэмминин партиялаштар алдында убада кылган жаңы тышкы саясаты Улуу Британиянын Европа Биримдигинен чыккандан кийин туш болгон көйгөйлөрүн жоюу үчүн Европа менен мурдагы байланыштарын кайрадан калыбына келтирүү менен катар климаттын өзгөрүү маселесин чечүүнү, Глобалдык Түштүк деген аныктамадагы мамлекеттер менен мамилени күчөтүүнү көздөйт.

Өлкө коопсуздугу боюнча маселеде Стармер жана анын Лейбористтер партиясы трансатлантикалык коопсуздукту камсыздоодо негизги роль НАТОдо деген көз карашы "бекем" экенин айтып келет.

Лейбористтер партиясы Украинага "туруктуу" аскердик, каржылык, дипломатиялык жана саясий колдоо убада кылууда. Партиянын манифестинде бул өлкөнүн НАТОго мүчө болуп кабыл алынышына жол ачуу чакырыгы бар.

Лондондогу Chatham House аналитикалык борборунун "Британия дүйнөдө" программасынын директору Оливия О'Салливан "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна курган маегинде лейбористтер менен консерваторлордун тышкы саясат боюнча позициясында анча айырма жоктугунун көптөгөн себеби бар экенин айтты жана муну Британиядагы консенсустун бир бөлүгү деп атады.

"Мисалы, Украина маселесин ала турган болсок, Лейбористтер партиясы бул өлкөгө колдоо көрсөтүү жагынан алар да ошончолук бекем турарын, ырааттуу позициясы бар экенин көрсөтүүгө абдан аракет кылышты", - деди О'Салливан.

Европа Биримдигинде быйыл жыл соңунан тартып башкы дипломат кызматына кирише турган саясатчы, Эстониянын премьер-министри Кая Каллас жаңы британ өкмөт башчысы Стармерди шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, "Улуу Британиянын жалпы коопсуздукка ынтызарлыгына" колдоосун белгиледи.

"Биздин мыкты кызматташтыгыбыз мындан ары да өнүгө берет деп ишенем", - деп жазды ал X социалдык түйүнүнө.

Стармер кызматка киришкенден кийин украин президенти Владимир Зеленский менен жолугарын билдирди жана Орусия президенти Владимир Путинди "Украинадагы агрессор" деп атады.

"Эң негизгиси – биздин Украинага колдообуз бирдиктүү фронт болуп көрсөтүлүп жатканы так түшүнүктүү болушу зарыл", - деди Стармер.

Мындай ниетин иш жүзүндө көрсөтүү мүмкүнчүлүгү Стармерге келерки аптада, 9-11-июль күндөрү Вашингтондо өтө турган НАТОнун 75 жылдыгына арналган саммитте берилет.

Андан көп өтпөй, 18-июлда Улуу Британия Европа саясий бирикмесинин саммитин өткөрөт.

"Ошол эки иш-чарада, менимче, алардын Украина боюнча позициясы жана Украинага колдоосу жагынан буга чейинки өкмөт жүргүзгөн саясатты канчалык карманары анык болот", - деди О'Салливан.

Анын пикиринде, Стармердин ишмердиги кандайча жүрөрү өлкөдөгү каржылык чектөөлөргө жана Франция менен АКШда өткөнү жаткан, жыйынтыгы трансатлантикалык биримдикке таасирин тийгизбей койбой турган шайлоолорго да жараша болот.

Талдоочулар британдыктардын бул жолку тандоосуна 2016-жылдагы Европа Биримдигинен чыгуу жараянынан, COVID-19 пандемиясынан жана Орусиянын Украинага каршы ачкан согушунан кийинки экономикалык кыйынчылыктарды толук чече албаган консерваторлордун 14 жылдык башкаруусунан арылууга болгон каалоосу таасир эткенин белгилеп жатышат.

Риши Сунак.
Риши Сунак.

Риши Сунак партиясы бул шайлоодо утулганын моюнуна алды жана атаандаштарын куттуктады.

"Бүгүн бийлик тынч жана ырааттуу негизде, бардык жактан жакшы ниет ыроологон шартта өткөрүп берилет. Мунун өзү бизге өлкөбүздүн туруктуулугуна жана келечегине ишеним берүүдө. Британ эли бүгүн "эсибизге келтире тургандай" бүтүмүн көрсөттү, көп нерсеге үйрөнүшүбүз керек… мен утулганыбызды моюнга алам", - деди Сунак.

Оңчул популисттердин "Реформалар партиясынын" лидери Найжел Фараж сегиз шайлоодон бери алгачкы жолу мандатка ээ болду. Бул, байкоочулардын пикиринде, өткөн айда Европа парламентине шайлоодо байкалган оңчулдардын баш көтөрүүсү Улуу Британияда да бар экендигинин белгиси.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG