Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:51

Британиядагы акциядан кийин 90дон ашуун адам кармалды


Ливерпул, 3 август.
Ливерпул, 3 август.

Улуу Британиянын бир нече шаарында болгон нааразылык акцияларынан кийин 90дон ашуун адам кармалды. Бий студиясындагы кол салуудан кийин ашынган оңчулдар тутанткан мигранттарга каршы нааразылык акциялары Халл, Ливерпул, Бристол, Манчестер, Сток-он-Трент, Блэкпул, Белфаст шаарларында уланды. Катышуучулар дүкөндөрдү талкалап, полицияга да кол салды.

Британ премьер-министри Кир Стармер өкмөт "жек көрүүнү козутууга аракеттенген экстремисттерге" чара көрүүдө полицияга колдоо көрсөтөрүн убадалады.

Тоз-тополоң бий студиясына болгон кол салуунун эртеси күнү башталды. 29-июлдун кечинде белгисиз бирөө бычак менен балдардын бий студиясына кирип барып, кол салган. Үч секелек кыз набыт болуп, ондон ашууну жараат алган.

Социалдык тармактарда кол салган киши радикал исламчы экени тууралуу ырасталбаган кабарлар тарагандан кийин ашынган оңчулдар нааразылык акциясына чыгышкан. Полиция андай кабарларга ишенбөө керектигин билдиргени менен, башаламандык токтогон жок. Полиция 17 жаштагы шектүү Аксель Рудакубана Улуу Британияда туулганын, ата-энеси Руандадан чыкканын билдирген.

Саутпортто башаламандык уюштургандарды Британиянын өкмөт башчысы Кир Стармер кескин айыптап, X социалдык түйүнүнө: "Курман болгондорду эскерүү иш-чарасынан пайдаланып, зордук-зомбулук жана бейбаштык менен алектенгендер ансыз да кайгырып турган коомдун беделине шек келтирди", - деп жазган.

Британиянын Саутпорт шаарында болгон башаламандыкта 39 полициячы жараат алган. Алардын көбү ооруканага түшкөнүн 31-июлда жергиликтүү Тез жардам кызматы билдирген.

Саутпорт Ливерпулдан 27 чакырым түндүктө жайгашкан шаар. Калкынын саны 100 миңге чукул.

XS
SM
MD
LG