Бишкекте быйыл 1-класска кирүү үчүн 17 миңден ашуун бала катталды

Башталгыч класстын окуучулары. Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарындагы 121 орто билим берүүчү мектепке быйылкы окуу жылына 17 262 бала электрондук каттоо аркылуу катталды. Бишкек мэриясынын 6-августтагы коллегиясында айтылган маалыматка ылайык, учурда дагы 3094 орун бош. 2024-2025-окуу жылы үчүн 1-класска жалпы 21 850 квота берилген.

Коллегияда Бишкектеги мектептерде 2023-2024-окуу жылынын аягына карата жалпы 197 872 бала билим алганы кабарланды. Бул мектептердеги балдардын санына эсептелген орундардан 18 миңге көп.

Бишкекте 238 билим берүү мекемеси бар. Анын ичинде 121 орто мектеп, 111 бала бакча жана балдардын алты чыгармачылык борбору бар.

Ушул тапта 2024-2025-окуу жылына 1-класска балдарды электрондук каттоонун 2-баскычы жүрүп жатат. Ага ылайык, баланы мектепке каттоо анын ата-энесинин жашаган жеринен көз карандысыз түрдө, бош орундарга жүргүзүлөт. Каттоо mektep.edu.gov.kg платформасында онлайн түрүндө 30-августка чейин жүрөт.

Өкмөт мектепке жана бала бакчага балдарды кабыл алуудагы коррупцияны жоюу максатында 2014-жылы бала бакчаларга, 2019-жылы мектепке электрондук кезекке туруу системасын пилоттук негизде ишке киргизген. (ZKo)

Дагы караңыз

Париж-2024: Дюплантистин рекорду, Сенадагы суунун сапаты"Ток менен урушту". ЕАЭБдин мигрантка тийбеген жарыгыБаткенде базардан чыккан өрт киши өмүрүн алды Мамлекеттик ипотека менен берилүүчү 11 миң батир курулуп жататИран жана Тажикстан ортосунда визасыз каттам 10-августта башталат Косово сербиялык почтанын бир нече бөлүмүн жапты