Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:04

Мамлекеттик ипотека менен берилүүчү 11 миң батир курулуп жатат


Ипотекалык компанияга караштуу курулуш. Иллюстрациялык сүрөт.
Ипотекалык компанияга караштуу курулуш. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда ушул тапта мамлекеттик ипотека менен берилүүчү 11 миң батир курулуп жатат.

Алардын жалпы аянты 700 миң чарчы метрди түзөт, жалпы суммасы 36 млрд сом. Бул тууралуу "Мамлекеттик ипотекалык компания" ишканасынын башкармалык төрагасынын орун басары Тилек Жээмбаев 6-августта маалымат жыйынында билдирди.

Учурда Бишкекте 7 миңге чукул батир тургузулуп жатат. Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда, Каракол, Чолпон-Ата шаарларында ири турак жай комплекстери курулууда деди ал:

"Бишкектеги мурдагы 47-абактын ордуна курулуп жаткан "Мурас" турак жай комплексинин биринчи этабы быйыл жыл аягына чейин бүтүрүлөт. Аталган комплекстин өзүнүн от казаны, электр көмөк чордону, суу сордуруучу жабдуулары бар. Волков-Кустанай көчөлөрүнүн кесилишине курулуп жаткан комплексте 9 кабаттуу 51 үй курулууда. 1-этабы 2025-жылы аяктайт".

Жээмбаев билдиргендей, Мамлекеттик ипотекалык компания Кара-Суу районунда да көп батирлүү кабат үйлөрдөн турган ири турак жай комплексинин долбоору даярдалып жатат. Мамлекеттик ипотека аркылуу 9600дөн ашуун үй-бүлө батирлүү болду. Анын ичинен 4,2 миң жаранга турак жай акыркы үч жарым жылда берилген.

Учурда мамлекеттик ипотека менен алынган батирлер 25 жылдык мөөнөткө бөлүп төлөөгө берилет. Ал эми ипотека үстөгү бюджеттик кызматкерлер үчүн 4%, башка жарандарга 8%.

Бүгүнкү күнү жеңилдетилген батир алуу үчүн кезекте 28 миңдей адам турат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG