Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:42

Косово сербиялык почтанын бир нече бөлүмүн жапты


Косово.
Косово.

Косово полициясы түндүк чек ара тилкесинде, серб калкы басымдуулук кылган муниципалитеттеринде "Сербия почтасы" (Pošta Srbije) ишканасынын кеминде тогуз бөлүмүн жапканы расмий Белграддын жана Косоводогу этностук сербдердин нааразылыгын жаратууда.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун косоволук кызматына полиция өкүлү Ветон Элшани билдиргендей, почта бөлүмдөрү "лицензиясыз жана косоволук мекемелерде тийиштүү каттоодон өтпөй иштеп келген" деген негизде жабылды.

Косово менен Сербия ортосундагы алаканы турукташтырууга аракет кылып жаткан Европа Биримдиги (ЕБ) Косовонун мындай кадамын сындап, расмий Приштинаны чечимин кайра карап чыгууга чакырды.

"Евробиримдик Косово бийлиги тарабынан өлкөнүн түндүгүндө "Сербия почтасынын" тогуз филиалынын жабылышын ЕБ жардамы менен жетишилген диалог алкагындагы келишимдерди бузган бир тараптуу жана макулдашылбаган кадам деп эсептейт", - деп айтылды биримдиктин билдирүүсүндө.

Косовонун башкы тарапкерлеринин бири болгонуна карабай, анын серб азчылыгына карата мамилесин сындап келаткан Кошмо Штаттар да расмий Приштинанын соңку кадамына каршы чыгышты.

Быйыл май айында Косово түндүк аймагында Сербиянын Postanska stedionica банкынын беш жана Улуттук банкынын бир филиалын жапкан. Алар “мыйзамсыз иштеп жатканын” жана “полиция ал жерде тартипти жана мыйзамдуулукту орнотуу үчүн операция жүргүзгөнүн” 20-майда билдирген. Postanska stedionica аркылуу Сербия Косоводогу жарандарына социалдык жөлөкпул, балдарга жана башка жөлөкпул акчаны серб динары менен төлөп келгени белгиленген.

Серб динарына Косовонун аймагында быйыл жыл башында тыюу салынган.

Сербия мурдагы Косово провинциясына көзөмөлүн 1999-жылы жоготкон. Косово Сербиядан бөлүнгөнүн 2008-жылы бир тараптуу түрдө жарыялап, аны ушул күнгө чейин дүйнөнүн 110дой мамлекети тааныды. Сербия Косовону өзүнүн бир бөлүгү деп эсептейт. Косовонун эгемендигин расмий Белграддын башкы союздаштары саналган Кытай менен Орусия да тааныбай келет.

Косовонун 1,8 миллиондой калкынын 92 пайызын албандар, алты пайызга жакынын сербдер түзөт. Сербдер Косовонун түндүк аймактарында басымдуу.

Быйыл март айында эки өлкөнүн президенттери Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинде айыптаган билдирүүлөрдү жасашкан.

Косово президенти Вьоса Османи Сербияны "Косовонун түндүгүндөгү этникалык сербдердин косоволук институттарга интеграция болушуна жол бербей жатат" деп, ал эми Сербиянын президенти Александр Вучич "дүйнө бул аймакта жашаган сербдердин оор абалына жетиштүү көңүл бурбай келет" деп айтышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG