Иран жана Тажикстан ортосунда визасыз каттам 10-августта башталат

Ирандын жаңы президенти Масуд Пезешкиан жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон.

Тажикстандын жана Ирандын жарандары эки өлкөгө визасыз каттай ала турган келишим 10-августтан тартып күчүнө кирерин тажик Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 6-августта билдирди.

Эки өлкө ортосунда жалпы жарандык чет өлкөлүк паспорту бар жарандар үчүн виза режимин жокко чыгаруу тартиби боюнча өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга 2023-жылдын ноябрында кол коюлган.

Эми аталган өлкөлөргө алгач киргенде 30 күн бою жүргөндөн кийин бир жыл аралыгында жалпысынан 90 күн визасыз жүрө алышат.

«Визасыз режимдин биринчи этабында мындай мүмкүнчүлүктөн Дүйшөмбү-Тегеран жана Тегеран-Дүйшөмбү аба каттамы менен каттагандар гана пайдалана алышат», - деп билдирди тажик ТИМи.

Ал эми окууга, иштөөгө же башка узак мөөнөттү талап кылуучу учурлар үчүн виза керек экени белгиленди.

Азыркы кезде Тажикстан менен Иран ортосунда аптасына үч жолу аба каттамы бар. (RK)

Дагы караңыз

Косово сербиялык почтанын бир нече бөлүмүн жаптыМинистр Баетов "чет элдик өкүл" деген реестрге бир нече уюмдан арыз түшкөнүн билдирди Париж-2024: Акжол Махмудов менен Үзүр Жусупбеков чейрек финалда жеңилдиПариж-2024: Үзүр Жусупбеков чейрек финалга чыкты