Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:43

Министр Баетов "чет элдик өкүл" деген реестрге бир нече уюмдан арыз түшкөнүн билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Юстиция министри Аяз Баетов 6-августта Бишкекте өткөргөн маалымат жыйында коммерциялык эмес уюмдардын реестрине киргизүү боюнча бир нече уюмдардан арыз түшкөнүн билдирди. Министр алардын документтери каралып жатканын айтты.

“15-майда буйрук кабыл алынып, 1-июнда күчүнө кирди. 1-июндан 1-августка чейин арыздар кабыл алынышы керек болчу. Бир нече арыз түштү, бирок айрым маалыматтар жетишпей, кайра алып келебиз дешти. Маалыматтар берилгенден кийин реестрди көрсөтөбүз. Бирок ал жерге биз өзүбүз эмес, арыздын негизинде кошулат”, - деди министр.

21-майда Юстиция министрлиги чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюмдардын реестрин түзүү жана алардын ишин текшерүүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилгенин билдирген. Ага ылайык, 16-майдан тартып бейөкмөт уюмдар эки айдын ичинде Юстиция министрлигине коммерциялык эмес уюмдардын реестрине киргизүү жөнүндө арыз, документтерди бериши керек.

14-мартта “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” же “Чет элдик өкүл” деп таанылган талаштуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алынган.

Президент Садыр Жапаров бейөкмөт уюмдарга “чет элдик өкүл” деген макам берүүгө жол ачкан талаштуу мыйзамга 2-апрелде кол койгон.

Ал 7-апрелде улуттук “Кабар” агенттигине ушул мыйзам боюнча берген маегинде “өкмөттүк эмес уюмдарга куугунтук болбойт” деп билдирген. Юстиция министрлигинин маалыматына таянып, Кыргызстанда 25 миңдей өкмөттүк эмес уюм катталган болсо, анын 2 миңдейи чет элдик донорлордун каражаты жана алардын катышуусу менен иш алып бара турганын кошумчалаган.

Бир катар эл аралык уюмдар, бир нече өлкөлөрдөн 30дан ашуун жарандык бейөкмөт уюмдар, АКШ баштаган Европа өлкөлөрүнүн элчиликтери мыйзамдын кабыл алынышына тынчсыздануусун билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG