Аскар Кубанычбек уулу Орусиянын жарандыгын алганы кабарланды

Аскар Кубанычбек уулу сотто. Бишкек. 2023-жыл.

“Многонационал” деп аталган Telegram-канал Украинадагы согушка катышканы үчүн Кыргызстанда соттолуп кийин эркиндикке чыккан Аскар Кубанычбек уулу Орусиянын жарандыгын алганын жазып, анын бул өлкөнүн паспортун кармап түшкөн сүрөтүн жарыялады.

Андан тышкары ал Забайкальедеги аскер бөлүктөрүнүн бири менен келишим түзгөнү кабарланды.

2023-жылы 30-августта Кыргызстандын Жогорку соту Аскар Кубанычбек уулу боюнча райондук жана шаардык соттордун ага чейинки чечимдерин жокко чыгарып, кылмыш ишти кайра кароого жөнөткөн. Бишкектин Биринчи май райондук соту быйыл январь айында аны жети жылга соттоп, үч жылдык пробациялык мөөнөт менен сот залынан бошоткон. Ал тыюу салуу чаралары дароо күчүнө кирбегендиктен, Казакстан аркылуу Орусияга чыгып кеткен.

Ага чейин былтыр 16-майда Биринчи май райондук соту аны 10 жылга соттогон.

Апелляциялык арызды караган Бишкек шаардык соту 7-июнда ушул эле чечимди күчүндө калтырган. Өкүмдө Москвада жашап жүргөн кыргыз жараны 2022-жылы июнь айында “материалдык пайда табуу үчүн” Орусиянын аскердик топторунун бирине кошулуп, Украинадагы согушка катышканы жазылган.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Жалдануучулук” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ошол кезде Орусиянын президентине караштуу адам укуктары боюнча кеңештин мүчөсү Кирилл Кабанов Аскар Кубанычбек уулун бошотуу өтүнүчү менен Кыргызстандын бийлигине кайрыларын жарыялаган. Ушундан кийин Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова ага орус паспортун берүү маселеси каралып жатканын билдирген.

Кыргызстандык эксперттер орус бийликтеринин демилгесин комментарийлеп, муну Украинадагы согушка карата бейтарап позицияны карманган Кыргызстандын расмий бийлигине кысым катары баалашкан.

Кыргызстандын укук коргоо органдары эгер кыргыз жарандары чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышса, кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертип келет. (BTo)

Дагы караңыз

УКМК Чолпон-Атада түнкү клубдун кардарларынан маңзат табылганын билдирдиАрмения ЖККУнун Кыргызстанда өтө турган машыгууларына катышпайтОлимпиадада Акжол Махмудов менен Үзүр Жусупбеков килемге чыгатБеларустун 28 жараны Евробиримдиктин санкциялык тизмесине кирдиКазакстанда күйдүргү катталган айылда карантин жарыяландыКубанычбек Бөкөнтаев Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болуп дайындалды