Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:32

УКМК Чолпон-Атада түнкү клубдун кардарларынан маңзат табылганын билдирди


“Сьюзи Вонг” түнкү клубун тинтүү учуру. УКМК тараткан сүрөт.
“Сьюзи Вонг” түнкү клубун тинтүү учуру. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун имаратында жайгашкан “Сьюзи Вонг” түнкү клубунан төрт даана гашиш баңги заты табылып алынганын билдирди.

Атайын кызмат ал маӊзат оюн-зоок мекемесине келгендерге таандык экени аныкталган. Ошондой эле түнкү клубдун ээлери салык мыйзамдарын бузганы такталып, тиешелүү акт түзүлгөн.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, ушул жылдын алгачкы алты айында милиция баңгизатына байланышкан 677 кылмышты аныктап, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 12 тонна 835 кг маңзат алган. Жети жашыруун баңги лаборатория жоюлуп, 57 кылмыштуу топтун ишмердигине бөгөт коюлган.

Мыйзам боюнча маңзат соодасына аралашкандар мүлкүн алып коюу менен 10 жылдан 12 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылат. (BTo)

XS
SM
MD
LG