Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында 6-августта грек-рим күрөшүнөн 77 килограммга чейинки салмакта кыргызстандык балбан Акжол Махмудов менен 97 килограммга чейинки салмак ченинде Үзүр Жусупбеков килемге чыгат.
Акжол Махмудов 1/8 финалда АКШдан келген балбан Камал Амир Бей менен, Үзүр Жусупбеков ушул эле баскычта литвалык Миндауга Венцкайтис менен күрөшөт.
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат.
Акжол Махмудов 25 жашта. Ал Азиянын үч жолку чемпиону (2018-ж., 2022-ж., 2023-ж.) жана бир күмүш байгесинин ээси (2024-ж.). Олимп оюндарынын күмүш медалын алган (2021-ж.). Дүйнөнүн эки жолку чемпиону (2022-ж., 2023-ж.), кадеттер (уландар) арасында дүйнө чемпиону (2016-ж.), жаштар арасында дүйнө чемпионатынын күмүш (2017-ж.) жана коло байгелеринин ээси (2018-ж.), уландар жана жаштар арасында Азия чемпиону (2016-ж., 2017-ж.).
Үзүр Жусупбеков 28 жашта. Ал буга чейин Азия чемпионатында бир алтын (2019-ж.), үч коло байге алган (2016-ж., 2018-ж. 2022-ж.). Азия оюндарында 3-орунду ээлеген (2018-ж.). Токио Олимпиадасынын катышуучусу (10-орун). Бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси. (BTo)