Париж-2024: Теннисчи Новак Жоковичтин жеңиши

Новак Жокович алтын медалы менен.

Сербиялык теннисчи Новак Жокович өз карьерасында алгач ирет Париж Олимпиадасынын чемпиону болду. Жекшембиде Жокович финалдык беттеште испаниялык Карлос Алькарасты 7:3, 7:2 эсеби менен утуп, Олимпиада оюндарынын алтын медалын утту.

Чоң шлем турнирлерин 24 жолу жеңген, 40 жолу World Tour Masters 1000 мелдешин уткан, он ирет Австралиянын ачык чемпионатынын (Australian Open) баш байгесин алган, теннистен беделдүү мелдештердин баарынын жеңүүчүсү Жоковичте бир гана Олимпиаданын алтын медалы жок болчу.

"Эмне деп айтышты билбей турам. 37 жашымда Олимпиаданын алтын медалын утуу үчүн мен баарын курмандыкка чалган элем. Максатыма жеттим", - деди мелдештен соң Новак Жокович.

Ал теннистен жекелик мелдештерде жалпы беш атаандашын утуп, финалга чыккан. Алардын арасында испаниялык теннисчи Рафаэль Надаль да бар. Жокович Надалды экинчи айлампада жеңген. 2-августта өткөн жарым финалдык беттеште Новак Жокович италиялык Лоренцо Музеттини 6:4, 6:2 эсебинде жеңип алды.

Анын финалдагы атаандашы 21 жаштагы испаниялык Карлос Алькарас болду. Алькарастын теннистен жылдызы жанып келе жатат. Быйыл ал Франциянын ачык чемпионатында, Уимблдондо жеңүүчү болду. Ал жарым финалдык беттеште канадалык Феликс Оже-Альяссимди 6:1, 6:1 эсебинде утуп, финалга чыккан.

Новак Жокович ушуну менен бешинчи ирет Олимпиада оюндарына катышып жатат. Анын эсебинде Бээжинден уткан коло медалы гана бар эле. 2012-жылы Лондон Олимпиадасында төртүнчү орунду ээлесе, 2016-жылы Рио-де-Жанейродо биринчи айлампада мелдештен четтеген. Токио Олимпиадасында коло байге үчүн беттеште жеңилип, байгесиз калган.

Финалдык беттеш 2 саат 52 мүнөткө созулду.

Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах менен атактуу теннисчи Серена Уильямс Новак Жокович менен Карлос Алькарастын финалдык беттешин көрүп отурган учуру.

Теннистен жекелик мелдештерде акыркы алты Олимп оюндарынын чемпиондору:

Париж 2024 | Новак Жокович (Сербия)
Токио-2021 | Александр Зверев (Германия)
Рио-2016 | Энди Маррей (Улуу Британия)
Лондон 2012 | Энди Маррей (Улуу Британия)
Бээжин 2008 | Рафаэль Надаль (Испания)
Афины 2004 | Николас Массу (Чили)

Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах жана атактуу теннисчи Серена Уильямс Новак Жокович менен Карлос Алькарастын финалдык беттешин көрүп отурган учуру.

Новак Жокович сүйүнүчтөн көзүнө жаш алды.

Жокович жеңишин үй-бүлөсү менен майрамдап жаткан учуру.

Новак Жокович Париж Олимпиадасынын алтын медалын тагынса, испаниялык Карлос Алькарас күмүш, италиялык Лоренцо Музетти коло медал утту.