Бакытбек Касымкулов Кыйноолордун алдын алуу борборунун жетекчиси болду

Бакытбек Касымкулов

Бакытбек Касымкулов Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси болду. Ал бул кызматка атайын жүргүзүлгөн сынактын жыйынтыгында келгенин аталган борбордун басма сөз кызматы маалымдады.

Сынак 1-августта жыйынтыкталган.

41 жаштагы Бакытбек Касымкулов 2020-жылдан бери Кыйноолордун алдын алуу борборунда эмгектенип келген. Ал Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетти "юриспруденция" адистиги боюнча аяктап, сот системасында иштеген.

Кыйноолорго каршы улуттук борбордун мурдагы жетекчиси Бакытбек Рысбеков мөөнөтү аяктаганына байланыштуу кызматын өткөн айда тапшырган. (ZKo)

Дагы караңыз

Спорт департаменти Сейитбек уулунун машыктыруучусу боюнча түшүндүрмө берди Жакынкы Чыгыш: "Хезболла" Израилге сокку урду, кырдаал чыңалуудаОлимпиада: Мунарбектин жеңиши, машыктыруучудан чыккан талкууАймакта чыңалуу курчуп турган маалда Иорданиянын министри Иранга баратВенесуэлада Мадуронун бийлигине каршы акциялар улануудаБангладеште өкмөткө каршы демонстрацияда 23 кишинин өмүрү кыйылды