Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:45

Аймакта чыңалуу курчуп турган маалда Иорданиянын министри Иранга барат


Иорданиянын тышкы иштер министри Айман Сафади.
Иорданиянын тышкы иштер министри Айман Сафади.

Жакынкы Чыгышта кырдаал чыңалып турган маалда Иорданиянын тышкы иштер министри Айман Сафади 4-августта Тегеранга сапар менен барат. Бул тууралуу Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары жазышты. Соңку эки күн ичинде Сафади Ирандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Али Бакери Кани менен эки жолу телефондон сүйлөшкөн.

Иорданиянын тышкы иштер министри Иранга 2015-жылдан бери биринчи жолу барганы жатат.

ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) радикал уюмунун саясий лидери Исмаил Хания Тегеранда өлтүрүлгөндөн кийин аймакта кырдаал кескин курчуп кетти.

Иран бийлиги Ханиянын жок кылынышын Израилдин көрүп, ага колдоо көрсөттү деп АКШны айыптады. Тегеран ошондой эле бул үчүн Израилден өч аларын эскертти.

Америкалык Axios басылмасы өз булактарына таянып, Иран Израилге 5-августта сокку урушу ыктымал экенин жазды.

Израилдин бийлиги Ханиянын өлүмүнө тиешеси бардыгы тууралуу маалыматтарды четке какпай, ырастабай да келет.

3-августта The New York Times басылмасы жазгандай, Ханиянын өлтүрүлүшүнө байланыштуу Ислам революциясынын сакчылар корусунун ондогон офицерлери кармалып, иштен четтетилди. Макалада Хания анын бөлмөсүнө коюлган бомбанын жарылуусунан мүрт кеткени жазылат. Маалыматка караганда, бомба эки ай мурда коюлушу мүмкүн.

Иран бийлиги ал кыска аралыкка уча алчу снаряд менен жасалган чабуулдан мүрт кеткенин билдирди.

XS
SM
MD
LG