Украина Орусиянын суу астындагы кемесин чөктүргөнүн маалымдады

Иллюстрациялык сүрөт.

Украинанын башкы штабы орусиялык суу астындагы кемеге жана оккупацияланган Крымдагы C-400 зениттик ракеталык комплексине чабуул жасаганын билдирди.

"Ырасталган маалыматка караганда, ракеталык аскер бөлүгү Украинанын куралдуу күчтөрүнүн аскер деңиздик бөлүгү менен бирге "Триумф" зениттик ракеталык комплексин жарактан чыгарды", - деп жазылат украин Башкы штабынын Телеграм каналында.

Украинанын билдирүүсүндө, аннексияланган Севастопол портунда Орусиянын Кара деңиз флотунун "Ростов-на-Дону" суу астында жүрүүчү кемеси "ийгиликтүү жок кылынды".

Сокку качан жасалганы айтылган эмес. Бирок эки тараптын тең билдирүүсүнө караганда, акыркы ракеталык чабуул 2-августка караган түнү болгон.

Бул Орусиянын аскердик ири техникасына жасалган алгачкы олуттуу чабуул эмес. 2022-жылдын апрелинде Украинанын ракеталык чабуулунан кийин Орусиянын 750 миллион долларлык "Москва" крейсери чөгүп кеткен. Батыштагы айрым аскердик эксперттер "Москва" крейсеринин чөгүп кетишин Орусия үчүн моралдык жактан да чоң сокку катары мүнөздөшкөн.

Дагы караңыз

ИИМ чет өлкөдө ишке орноштурган агенттиктердин ишин текшердиАКШ менен Британия жарандарын Ливандан чыгып кетүүгө чакырдыОрус жарандарына Коргоо министрлиги менен келишим түзүүгө чакырган билдирүүлөр келип жататПариж-2024: Мунарбек Сейитбек уулу жарым финалга чыкты