Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:50

Орус жарандарына Коргоо министрлиги менен келишим түзүүгө чакырган билдирүүлөр келип жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиялыктарга Украинадагы согушка чакырган СМС билдирүүлөр келип жатат. Билдирүү 117 номурунан келип, анын мазмуну бирдей.

"Коргоо министрлиги менен келишим түз. 800 миң рубль жана жеңилдиктер дароо берилет. 117ге чал!", - деп жазылган.

Мындай СМС билдирүү келип жатканын "Медуза" жана SOTA басылмаларынын окурмандары кабарлашкан.

Жарандарды согушка тартуу менен алектенген расмий аскер мекемелери да көрсөтүлгөн номурга чалууга чакырып жатышкандарын Сибирь.Реалии сайты жазды.

Бейшембиде айрым орусиялык Телеграм-каналдар келишим түзүүгө чакырган мындай билдирүүлөрдү 1-августтан тарта Орусиянын бардык операторлору тарата баштарын жазышкан эле.

Би-Би-Синин орус кызматынын жана "Медиазона" басылмасынын соңку эсебинде Орусия Украинага толук кандуу согуш ачкандан бери 61 009 орус аскери каза тапкан. Бул тек-жайы такталгандары гана. Каза тапкандардын саны мындан да көп болушу ыктымал.

XS
SM
MD
LG