Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:40

АКШ менен Британия жарандарын Ливандан чыгып кетүүгө чакырды


Бейрут.
Бейрут.

Жакынкы Чыгыштагы чыңалуудан улам АКШнын Бейруттагы элчилиги ишембиде жарандарын "каалаган жеткиликтүү билет менен" Ливандан чыгып кетүүгө чакырды. Анын алдында Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Лэмми да ушундай эле эскертүү жасап, кырдаал "кескин начарлап кетиши ыктымал" экенин белгилеген.

Буга чейин Reuters агенттиги беш булагына таянып, Ирандын жогорку бийлик өкүлдөрү ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тобунун саясий жетекчиси Исмаил Ханиянын Тегеранда өлтүрүлгөнүнө байланыштуу Израилге каршы болжолдуу “жооп чарасын” Ирактын, Ливандын жана Йемендин куралдуу топтору менен талкуулаганын жазган.

Ирандагы Ислам революциясынын сакчылары корпусу АКШ жана Евробиримдик террористтик уюм катары тааныган ХАМАСтын башчысы Исмаил Хания Тегерандагы өзүнүн резиденциясында жок кылынганын кабарлаган.

Газадагы согуштан улам аймакта абал ансыз да чыңалып турган чакта Ханиянын өлүмү кырдаалды ого бетер курчутушу ыктымал деген кооптонуулар айтылган.

Былтыр 7-октябрда Израил ХАМАСтын кол салуусуна кабылып, бир күндө 1200дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылган, 250дөй киши барымтага алынган. Ошондон кийин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ХАМАСты жок кылууну убадалаган жана Газа секторунда чабуулдар башталган. Андан бери Израил армиясынын Газадагы соккуларынан каза тапкандар 39 миңден ашканын сектордун саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG