Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:42

Париж-2024: Мунарбек Сейитбек уулу жарым финалга чыкты


Мунарбек Сейитбек уулу жана Жамал Харви Париж Олимпиадасынын бокс боюнча мелдешинин чейрек финалында. 4-август, 2024-ж. Париж.
Мунарбек Сейитбек уулу жана Жамал Харви Париж Олимпиадасынын бокс боюнча мелдешинин чейрек финалында. 4-август, 2024-ж. Париж.

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу жарым финалга чыкты. Ал 4-августка караган түнү 57 килограмм салмакта чейрек финалда дүйнө чемпиону жана Панамерика оюндарынын жеңүүчүсү, АКШ мушкери Жамал Харвини 3:2 эсебинде жеңди.

Сейитбек уулу буга чейин 1-августта 1/8 финалда кубалык Орта Родригес дел Рэй Сайдел Иванды 3:2 эсебинде утуп, чейрек финалга чыккан.

Эми ал 9-августка караган түнү саат 1:46да жарым финалда болгариялык Хавьер Ибаньес Дияс менен беттешет.

Мунарбек Сейитбек уулу 28 жашта. Бокс боюнча 2023-жылдагы Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси. Испанияда өткөн Boxam эл аралык мелдешинин жеңүүчүсү (2024-ж.). Жаштар арасындагы Азия чемпионатында коло медал уткан (2018-ж.). Бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Жайкы Олимп оюндарына алгачкы жолу катышууда.(ECh)

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндары, кыргыз спортчуларынын мелдештери тууралуу "Азаттыктын" "Париж-2024: Олимпиада жаңылыктары" баракчасынан окуңуз.

XS
SM
MD
LG