Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу жарым финалга чыкты. Ал 4-августка караган түнү 57 килограмм салмакта чейрек финалда дүйнө чемпиону жана Панамерика оюндарынын жеңүүчүсү, АКШ мушкери Жамал Харвини 3:2 эсебинде жеңди.
Сейитбек уулу буга чейин 1-августта 1/8 финалда кубалык Орта Родригес дел Рэй Сайдел Иванды 3:2 эсебинде утуп, чейрек финалга чыккан.
Эми ал 9-августка караган түнү саат 1:46да жарым финалда болгариялык Хавьер Ибаньес Дияс менен беттешет.
Мунарбек Сейитбек уулу 28 жашта. Бокс боюнча 2023-жылдагы Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси. Испанияда өткөн Boxam эл аралык мелдешинин жеңүүчүсү (2024-ж.). Жаштар арасындагы Азия чемпионатында коло медал уткан (2018-ж.). Бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Жайкы Олимп оюндарына алгачкы жолу катышууда.(ECh)
Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндары, кыргыз спортчуларынын мелдештери тууралуу "Азаттыктын" "Париж-2024: Олимпиада жаңылыктары" баракчасынан окуңуз.
Дагы караңыз
Париж-2024: суучул Елизавета Печерских 30-орунду ээледиУкраин аскерлери түндө 24 дронду атып түшүрдүЫсыкта кой жайган жеткинчек, унутулган укукПариж-2024: Олимпиадага фаворит катары барган алты казак мушкери жеңилдиИранда Ханиянын өлүмү боюнча 20дан ашык киши кармалганы кабарланды