Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:10

Иранда Ханиянын өлүмү боюнча 20дан ашык киши кармалганы кабарланды


Исмаил Хания жана Ирандын жаңы президенти Ирана Масуд Пезешкиандын сүрөтү.
Исмаил Хания жана Ирандын жаңы президенти Ирана Масуд Пезешкиандын сүрөтү.

Иранда ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тобунун саясий жетекчиси Исмаил Ханиянын өлүмүн иликтөөгө байланыштуу жыйырмадан ашык киши кармалганы кабарланды.

Бул тууралуу The New York Times иликтөөдөн кабары бар ирандык эки булагына таянып жазды.

Кармалгандардын арасында чалгын кызматынын офицерлери, аскер аткаминерлери жана Хания жайгашкан резиденциянын кызматкерлери бар. Тергөөчүлөр алардын бардык электрондук жабдыктарын конфискация кылган. Шектүү дагы деле Иранда болушу мүмкүн деп аэропорттун камераларындагы мурдагы айларда тартылган видеолорду карап жатышат.

The New York Times Жакынкы Чыгыштагы жана ирандык аткаминерлерге шилтеме кылып президенттин инаугурациясына келген Хания 30-июлда анын бөлмөсүнө эки ай мурда орнотулган бомбанын жарылуусунан каза болгонун жазды.

Буга чейин “Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусу” бул маалыматты четке кагып, Израил ракетасынан сокку урулганын билдирген. Израил ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тобунун саясий жетекчиси Исмаил Ханиянын өлүмү боюнча жоопкерчилик алган эмес.

Reuters агенттиги беш булагына таянып, Ирандын жогорку бийлик өкүлдөрү ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тобунун саясий жетекчиси Исмаил Ханиянын Тегеранда өлтүрүлгөнүнө байланыштуу Израилге каршы болжолдуу “жооп берүү чарасын” Ирактын, Ливандын жана Йемендин куралдуу топтору менен талкуулаганын жазган.

XS
SM
MD
LG