Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:02

Украин аскерлери түндө 24 дронду атып түшүрдү


Украинадагы аба соккусунан өртөнүп жаткан үй. Иллюстрациялык сүрөт.
Украинадагы аба соккусунан өртөнүп жаткан үй. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын армиясы 3-августта Украинага төрт ракета жана 29 Shahed дрону менен чабуул жасады. Бул тууралуу Украинанын Аскер аба күчтөрү кабарлады.

Украинанын Киев баштаган онго жакын облусуна чабуул жасалган. Жергиликтүү бийликтин маалыматында курмандыктар жок. Дрондор абадан атып жок кылынган. Ракета соккуларынан бир катар облустардагы турак жай, имараттар талкаланды.

Орусиялык аскерлер 2022-жылдан бери Украинага согуштук дрон, ракета, башкарылуучу авиабомба, жапырт аткылоочу реактивдүү система менен чабуул коюуда.

Кремль Украинанын жайкын тургундары каза болуп, социалдык жана жарандык инфраструктурасы кыйрап жатканы тууралуу айыптоолорун моюнга албай, четке кагып келет. Киев жана эл аралык укук коргоо уюмдары Орусиянын соккуларын атайын жасалып жаткан согуш кылмышы деп баалашат.

XS
SM
MD
LG