Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:08

Париж-2024: Олимпиадага фаворит катары барган алты казак мушкери жеңилди


Казакстандык мушкер Сакен Бибосынов (кызыл кийимчен) өзбекстандык Хасанбой Дусматовго жеңилген учуру. 3-август, 2024-жыл.
Казакстандык мушкер Сакен Бибосынов (кызыл кийимчен) өзбекстандык Хасанбой Дусматовго жеңилген учуру. 3-август, 2024-жыл.

3-августка караган түнү казак мушкери Сакен Бибосынов Олимпиада оюндарында бокстан 51 килограммга чейинки салмактагы чейрек финалдык беттеште өзбекстандык Хасанбой Дусматовго жеңилди.

Ал Париж Олимпиадасында жеңилип, мелдештен жыдыган алтынчы казак мушкери болду.

Казакстандын бокс курамасы Париж Олимпиадасына жалпы 10 (эркектер арасында жети, кыз-келиндер арасында үч) жолдомо алган. Олимп оюндарына фаворит катары барган казак мушкерлери катары менен жеңилип, мелдештен жыдышы Казакстанда алардын даярдыгына сынды күчөткөн.

Казакстандын эркектер курамасынан барган жети мушкердин арасынан бир гана Нурбек Оралбай мелдештин жарым финалына чыга алды.

Сакен Бибосыновго чейин казак мушкерлери Асланбек Шымбергенов (71 кг), Камшыбек Кункабаев (+92 кг), Махмуд Сабырхан (57 кг), Айбек Оралбай (92 кг), жана Мухаммедсабыр Базарбайулы (63,5 кг) мелдештен четтешкен.

Казакстандын бокс боюнча эркектердин курама командасынын башкы машыктыруучусу Мырзагали Айтжанов бул Олимпиада анын курамасы үчүн "өтө начар" болгонун айткан.

Бул өлкөнүн айтылуу мушкери Геннадий Головкин жетектеген Олимпиада комитети калыстардын ишин сынга алган.

1996-жылы Атлантада өткөн Олимпиадада Казакстандын бокс боюнча курама команда бир алтын, 2000-жылы Сиднейде эки, 2004-жылы Афинада, 2012-жылы Лондондо жана 2016-жылы Риодо өткөн Олимпиада оюндарында бирден алтын утушкан. Токиодон болгону коло медаль алышкан. Андан Сакен Бибосынов менен Камшыбек Күнкабаев коло медалга ээ болушкан.

Ушу тапта Казакстандын эсебинде бир алтын, эки коло медаль бар. Алтын медалды дзюдочу Элдос Сметов 60 килограмм салмакта утуп алган. Дагы бир дзюдочу Гусман Кыргызбаев жана Ислам Сатпаев менен Александра Ле ок атуудан коло медалдарды утушкан.

Париждеги бокс боюнча мелдештерди Париж Бокс биримдиги (Paris boxing Unit) өткөрүп жатат. Бокстон эркектер арасында жети салмакта, кыз-келиндер арасында алты салмакта беттештер өтөт. Жалпы 13 комплект медаль ойнотулат. (GT)

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндары, кыргыз спортчуларынын мелдештери тууралуу "Азаттыктын" "Париж-2024: Олимпиада жаңылыктары" баракчасынан окуңуз.

XS
SM
MD
LG