Талас облусунун башчысы болуп Эрмат Жумаев дайындалды

Эрмат Жумаев. (Сүрөт Жумаевдин Фейсбуктагы баракчасынан алынды).

Талас шаарынын учурдагы мэри Эрмат Жумаев кызматынан бошотулуп, президенттин Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Аталган жарлыкка 2-августта президент Садыр Жапаров кол койду.

32 жаштагы Эрмат Жумаев буга чейин Каракол шаардык кеңешинин депутаты, Каракол шаардык "Зеленстрой" ишканасынын жетекчиси болуп иштеген.

2020-жылдын 11-ноябрында ал тапта премьер-министрдин милдетин аткаруучу болгон Садыр Жапаровдун буйругу менен Каракол шаарынын мэри, 2023-жылдын 13-майында президент Садыр Жапаровдун буйругу менен Талас шаарынын мэри болуп дайындалган.

31-июлда Жапаровдун жарлыгына ылайык, президенттин Талас облусундагы өкүлү Нурлан Дарданов кызматтан алынган. Мунун алдында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышкан өкмөттүн коллегиясында Дардановду кызматтан алуу жөнүндө чечимдин долбоору кабыл алынган.

Анда Дарданов өз милдетин жетиштүү аткарбаганы жана кемчиликтерге жол бергени жазылган.

Долбоордо Талас облустук администрациясынын аппарат жетекчиси Ырсахун Кулушевди кызматтан алуу, Дардановдун биринчи орун басары Талантбек Эдиловго, Бакай-Ата районунун акими Алгынбай Имаровго жана Талас районунун акими Нургазы Нармырзаевге сөгүш берүү сунушталган.

Нурлан Дарданов кызматка былтыр 4-мартта дайындалган. (MKt/AiA)

Дагы караңыз

Евробиримдик Венгриянын орус жарандарына байланыштуу чечимине тынчсыздандыКазакстанда сот журналистти жети жылга эркинен ажыраттыБеларуста Бакиевдердин насыясына кепилдик берилди