Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:39

Казакстанда сот журналистти жети жылга эркинен ажыратты


Камакка алынган журналист Думан Мухамедкарим жана анын атасы Алмаз Тилепов.
Камакка алынган журналист Думан Мухамедкарим жана анын атасы Алмаз Тилепов.

Казакстанда журналист жана жарандык активист Думан Мухаммедкарим жети жылга эркинен ажыратылды. Өкүм 2-августта Конаев шаарындагы сотто чыгарылганын "Азаттыктын" казак кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, "Не Дейди" каналынын автору "экстремизмди каржылоо" жана тыюу салынган уюмга "катышуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды. Сот ошондой эле журналистке үч жылга чейин коомдук-саясий ишмердүүлүк кылууга тыюу салды.

Адегенде соттук өкүмдү чыгаруу 1-августка белгиленип, ал күнү анын жактоочулары башка шаарлардан жана райондордон Конаевге Мухаммедкаримди колдоо үчүн келишкен. Бирок 1-августта өкүм чыкпай калган. Бул күнү Думан Мухаммедкарим өзүнүн акыркы сөзүн сүйлөп, өзүнө тагылган айыптарды дагы бир жолу четке каккан. Ал ошондой эле күнөөсү далилденбегенин айтып, мыйзам бузбаганын баса белгилеген.

Журналисттин адвокаты Галым Нурпейисов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, “Думан журналист катары камакка алынган, эми ал саясатчыга айланууда” деди. Адвокат ошондой эле «Бийлик Думанды токтото албайт. Думан ондогон адамдардын жүрөгүн ойготту. Ал ага карата ачылган кылмыш иши ойдон чыгарылганын көрсөттү» деп билдирди.

Думан Мухаммедкарим былтыр июнь айынан бери камакта отурат. Ал абакта отурган чакта ачкачылык да жарыялаган. Февраль айында журналист кыйноого кабылганын айткан. Адвокаты Думан Мухаммедкаримдин боору жана бөйрөгүнө байланыштуу дарттары аныкталганын билдирген.

1-августта Казакстанда дагы бир жарандык активист жана журналист Абзал Достияров абактагы Думан Мухаммедкаримдин иши боюнча Конаев шаарындагы соттук отурумга автоунаасын айдап бара жатканда кармалган. Сот журналистти 20 суткага камакка алуу чечимин чыгарган. (AiA)

XS
SM
MD
LG