Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:28

Беларуста Бакиевдердин насыясына кепилдик берилди


Курманбек Бакиев. (архив)
Курманбек Бакиев. (архив)

"Настоящее время" каналы Беларус өкмөтү мамлекеттик банктагы БНБКнын (Беларус Улуттук биотехнологиялык корпорациясы) насыяларына кепилдик бергенин жазды.

Токтом улуттук укуктук интернет-порталында жарыяланды.

Беларус журналисттери буга чейин БНБКнын 22,5% үлүшү Шотландияда катталган Maxforse LP жана Altastar LP компаниялары аркылуу Кыргызстандын качкын президенти Курманбек Бакиевдин инисинин баласы Асылбек Салиевге таандык экенин аныкташкан.

Маалыматка караганда, корпорациянын 25% Беларус өкмөтүнө, калган акциялар БАЭ (22,5%), Кытай (20%) жана Орусиянын (1%) компанияларына таандык.

Беларустагы «Зеркало» долбоору ишкананын негизги кожоюндары Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү, анын ичинде уулдары Марат жана Максим экенин жазган. 2017-жылы Бакиев Беларустун айыл чарба тармагына инвестиция салып жатканын четке каккан.

Ишканага берилген насыялар жөнүндө кээ бир маалыматтар "кызматтык пайдалануу үчүн" деп белгиленген. Анда 2024-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүн сатып алуу үчүн 15,3 миллион беларус рублин түзгөн насыя тууралуу маалымат көрсөтүлгөн.

Мамлекеттик кепилдик үчүн төлөм 0,01% түзгөн.

Беларус Улуттук биотехнологиялык корпорациясы 2016-жылы түзүлүп, 2019-жылы анын курулуш иштери башталган. Бул долбоорго Кытайдын "Эксимбанкы" 620 миллион доллар жеңилдетилген насыя бергени кабарланган.

Ишкананы атын Даниил Урицкий деп өзгөртүп алган Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Данияр Үсөнов жетектейт.

Быйыл 75 жашка чыккан Курманбек Бакиев Кыргызстанды 2005-2010-жылдары башкарган. Ал Март ыңкылабынын шары менен бийликке келген. Бийликте турган маалында бир катар адамдардын өлтүрүлгөнү, үй-бүлө мүчөлөрү бийликке аралашканы коомчулукта нааразылык жаратып, элдик толкундоонун аркасында бийликтен кулатылган. Ал күнү Ала-Тоо аятынына чыккан жарандарга каршы ок атылып, 80ден ашууна каза болгон, миңден ашууну жараат алган.

Бийликтен кулатылган Курманбек Бакиев жана анын бир нече жакын тууганы Беларустан баш калка тапкан. Анын экинчи уулу Максим Бакиев болсо Британияда жашап келет. Беларустун журналисттери Курманбек Бакиев аты-жөнүн өзгөртүп Закир Салиев болуп алганын иликтеп чыгышкан. (AiA)

XS
SM
MD
LG