Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:28

Евробиримдик Венгриянын орус жарандарына байланыштуу чечимине тынчсызданды


Еврокомиссиянын ички иштер боюнча жогорку комиссары Илва Йоханссон.
Еврокомиссиянын ички иштер боюнча жогорку комиссары Илва Йоханссон.

Еврокомиссиянын ички иштер боюнча жогорку комиссары Илва Йоханссон Будапешттин орустар менен беларустар үчүн виза чектөөлөрүн жеңилдетүү чечими Евробиримдиктин коопсуздугуна коркунуч келтирерин эскертти.

Reuters агенттиги Йоханссон венгр (мажар) өкмөтүнө позициясын тактоо үчүн 19-августка чейин убакыт берип, Европа Биримдигинин коопсуздугуна коркунуч жаралса, керектүү чараларды көрөрүн билдиргенин жазды.

"Орусия коопсуздукка коркунуч келтирет. Биз кыраакы болушубуз керек. Орусиялык тыңчы жана диверсанттарга Евробиримдикке оңой кирүүгө мүмкүнчүлүк берүү баарыбыздын коопсуздугубузга шек келтирет”, - деп жазды Йоханссон бейшемби күнү кечинде X (Твиттер) социалдык тармагындагы баракчасына.

Ал "Орусиянын Украинага каршы негизсиз агрессивдүү согушу Евробиримдиктин жана анын жарандарынын коопсуздугуна олуттуу коркунуч туудурган кесепеттерге ээ. Европа Биримдиги киргизген санкциялар орус экономикасына олуттуу сокку урду, бирок биз сергек болушубуз керек, анткени Орусия Евробиримдикти жана анын баалуулуктарын туруксуздаштыруу үчүн адаттан тыш куралдарды колдонуп жатат” деп жазды.

Бир ай мурда Венгрия өкмөтү Орусиянын жана Беларустун жарандарынын бул өлкөгө кирүү шарттарын жеңилдеткен. Аталган эки өлкөнүн жарандары чет элдик жумушчулар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн иштелип чыккан “Улуттук карта” программасына киргизилгени маалым болгон. Венгрия мындай чечимин премьер-министр Виктор Орбан июль айынын башында Москвага барып кеткенден кийин кабыл алган.

Буга чейин жеңилдик карталары Украинанын жана Сербиянын жарандарына берилчү, эми 9-июлдан тартып Орусия, Беларус, Босния жана Герцеговина, Молдова, Түндүк Македония жана Черногория да кошулганын "Медуза" жазган. (AiA)

XS
SM
MD
LG