Түркияда Инстаграм бөгөттөлдү

Түркиянын Маалыматтык технологиялар жана байланыш башкармалыгынын (BTK) сайтында, 2-августта эртең менен Инстаграмга кирүү чектелгени кабарланды.

Байланыш башкармалыгы бул чечим канчага созулары же тыюунун себеби тууралуу эч кандай маалымат берген жок.

Буга чейин 31-июлда Түркиянын Коммуникация бөлүмүнүн башчысы Фахреттин Алтун X баракчасындада АКШ жана Евробиримдикте террордук деп таанылган ХАМАС тобунун саясий жетекчиси Исмаил Ханиянын өлүмүнө байланыштуу көңүл айткан билдирүүсүн жарыялап, Инстаграм анын Ханияга байланыштуу билдирүүлөрүн жаап салганын айыптаган.

"Инстаграм социалдык платформасын Ханиянын шейит болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу билдирүүлөрүн эч кандай негизсиз бөгөттөп койгонун айыптайм. Бул цензурага ачык аракет", - деп жазды Алтун.

Түркияда 2-августта ХАМАСтын лидери Исмаил Ханиянын өлүмүнө байланыштуу бир күндүк аза күтүү жарыяланды.

Израил жана Батыш өлкөлөрү ХАМАСты "террордук кыймыл" деп эсептейт, бирок Түркия аны террордук уюм катары тааныбайт.

Ал эми Түркияда 2007-жылдан 2015-жылга чейин YouTube, Твиттер жана Фейсбук бир канча жолу сот чечими менен жабылган. Буга кишилердин намысына шек келтирген посттор, сүрөттөр жана билдирүүлөр себеп болгону айтылган.

Түркиянын 85 миллиондон ашык калкынын 62 миллиону интернет колдонору, алардын 54 миллиону социалдык тармактарды жигердүү пайдаланары тууралуу маалыматтар бар. (ElB)

Дагы караңыз

Байсалов Орусиядагы чектөөлөр кыргыз мигранттарына тиешелүү болбошу керектигин билдирди Сот Лаззат Нургожоеванын жигитинин абактагы мөөнөтүн узартты Авиабилет эмне үчүн кымбаттап жатат?Министрлик дыйкандардын түшүм арзандап кеткени тууралуу нааразылыгына жооп берди