Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:06

Министрлик дыйкандардын түшүм арзандап кеткени тууралуу нааразылыгына жооп берди


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги “Азаттыктын” материалында дыйкандардын кулпунай жана малинанын баасы арзан болуп жатканы боюнча нааразылыгына жооп берди.

Министрликтин басма сөз кызматы 2-августта берген маалыматында мекеме Бишкек шаарынын мэриясы менен бирге дыйкандардын өстүргөн азык-түлүгүн сатуусуна көмөк көрсөтүлүп, борбор калаадан 23 соода жайы бөлүнүп берилгенин билдирди.

Бул жерлерден дыйкан-фермерлер түшүмдөрүн түздөн түз сатууга мүмкүнчүлүк алышат.

Анда “Ош”, “Дордой Моторс”, “Орто-Сай”, “Көк-Жар”, “Баят”, “Алдаяр” базарларында, “Глобус”, “Азия” гипермаркеттеринин айрым түйүндөрү жана бир катар чакан базарлар жана соода жайлары жазылган.

Мекеме дыйкандар Ленин району боюнча 0312 65-69-01, Октябрь району 0312 57-66-50, Биринчи Май району 0312 32-52-85, Свердлов району боюнча 0312 53-13-51, 0312 36-01-04 жана министрликтин өкүлү менен 0990-779770 номурлары аркылуу байланышса болорун билдирди.

"Азаттыктын" Instagram баракчасына жарыяланган видео материалда Чүйдүн Беловодское айылынын дыйкан-фермерлери малина жана кулпунай, жер-жемиштердин баасы арзан болуп, алардын мээнети акталбай жатканын айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошкон.

Кыргызстанда дыйкандар өндүргөн азык-түлүктүн түрү арзан болуп, чыгымы акталбай калган учурлар утур-утур катталып келет. Былтыр Ысык-Көл менен Нарында картөшкөнүн түшүмү мол болгону менен баасы түшүп кеткен.

XS
SM
MD
LG