Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:07

Сот Лаззат Нургожоеванын жигитинин абактагы мөөнөтүн узартты


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Президент Садыр Жапаровдун инисинин кызы Лаззат Нургожоеванын жигити Афтандил Сабырбековдун тергөө абагындагы мөөнөтү 3-октябрга чейин узартылды. Мындай токтомду Бишкектин Биринчи май райондук соту 30-июлда кабыл алганын райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Ушул эле күнү сотто анын агасы Тариэл Сабырбековдун да бөгөт чарасы каралып, анын абактагы мөөнөтү 3-октябрга чейин узартылган.

Сабырбековдорго Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен айып коюлуп жатат.

Афтандил Сабырбековдун баңгизат ишине байланыштуу кармалганы тууралуу маалыматтар 9-июлда тараган.

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов бул сөздөрдү 10-июлда ырастап, “Афтандил Сабырбеков мыйзамсыз иш-аракеттерин жашыруу үчүн жогорку бийликтегилерден калкалоочу адамдарды (“крыша”) табууну аракет кылган” деп билдирди.

24-июндун кечинде Лаззат Нургожоева жигити Афтандил Сабырбеков Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) ижарага алынган тик учагы менен келип колун сураганын жана автоунаа менен гүл алып келгени тартылган виделорду социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.

Коомчулукта бул ашыкча чыгым экени айтылып, сынга кабылган.

Президент Садыр Жапаров карындашы Лаззат Нургожоеванын социалдык тармактарда тараган видеосу тууралуу 26-июнда улуттук “Кабар” маалымат агенттигине комментарий берип, бул окуяга байланыштуу элден кечирим сураган. Садыр Жапаров буга чейин ашыкча чыгым кылган аткаминерлер бар экенин сындап, аларды ысырапкорчулукка каршы күрөшүүдө элге үлгү болууга чакырган.

Лаззат Нургожоева президент Садыр Жапаровдун инисинин кызы. Ал 2020-жылы Кыргызстанда сулуулар сынагын жеңип алган.

Афтандил Сабырбековдун жакындары менен адвокаттары акыркы окуялар боюнча комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG