Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:41

Авиабилет эмне үчүн кымбаттап жатат?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Манас” аэропортунун жетекчилиги жыл соңуна чейин Кыргызстандын бир катар аймактарына аба каттамдары ачыларын билдирди. Ошондой эле жаңы учактарды ишке киргизип, аны менен ички каттамдарда билет баасын арзандай турганын айтты. Кыргызстанда ички каттамдарга "Тезжет" жана "Авиатрафик" компаниясынын учактары чыгат. Соңку учурларда учактардын билети кымбат деген нааразылыктар айтылып келүүдө. Ички каттамдар канчалык өзүн актайт жана өкмөттүн бир катар аймактардагы эски аба майдандарын жаңылап учак каттамдарын уюштуруу ниети кантип ишке ашат?

Ош шаарынан Бишкекке учуп жаткан жүргүнчүлөр авиабилеттин баасы соңку кездери кымбаттап кеткенине даттанып жатышат.

“Кечээ шашылыш болуп, “билет жок” деп атып, мен 7000 сомго учуп келдим. Азыр бул жерде авиакассанын өзүнөн алып жатам, 5200 сомго жаңы эле алдым. Өзбекстандын ичинде ич ара каттамдар арзан. Өзбекстанга кирип Намангандан Самаркандга, Ташкентке учам. Ошол жакта дос балам бар, мени 60 долларга Дубайга учурам деп атат. Мен болсо дээрлик 100 долларга келип атпаймынбы”, - дейт Шамалды-Сай шаарчасынын тургуну Нурлан Анарбаев.

Бишкекке учуп жаткан дагы бир жүргүнчү Абдыманап Кудайкулов кара жол кооптуу болуп турганда, учак менен учуунун кымбаттап жатышы элди кыйнап жатат деген ою менен бөлүштү.

“Өтө кымбат да. Анан, Бишкекке кара жол менен барам десең, кооптуу болуп жатат, туурабы? Жол начар, анан алыс, техника көп болуп жатат. Бала-чака, небере-чебере дегендей, жарымыбыз Бишкекте болуп калдык. Мына мен жолдон кыйналам деп, үч жылда эми кетип жатам. Элге бир аз оор келет экен”.

Ал эми бүгүн Бишкектен Раззаков шаарына учуп барган Инаят Ниматова авиабилеттин баасы кымбат болуп, миң чакырым аралыктагы Баткен-Лейлек аймагына такси менен жете албай, учак менен учууга мажбур болгондор үчүн оорчулук жаралып жатканын айтып берди.

“Бүгүн учактын салону 100% толук келди. Авиакомпаниялар актанып “рентабелдүү эмес, билет толук сатылбайт” деп айтышат го. Өзүм 13 000 сомго Лейлекке келип-кеткенге билет алдым. Жанымдагы келин 2,5 жашар кызы экөө 9900 сомго алыптыр. Колунда 4-5 айлык баласы бар экен, “ага албадым, 2,5 жаштагы кызыма кошуп, экөөбүзгө бир жагына 9900 сом болду деди”.

Ушул күндөрү авиабилет саткан Bookit ресурсунун сайтында Бишкек-Ош каттамынын билети 4100-4600 сом, Бишкек-Раззаков каттамы - 6250-6400 сомдон экени көрсөтүлүп турат. Август айынын соңуна чейинки каттамдардын көпчүлүгүнүн билеттери азыртан эле сатылып кеткен. Билет баасы канчалык эрте алса, ошончолук арзан жана учуу жакындаганда алса - кымбатка сатылат.

Билет баасы инфляциядан улам өсүүдө

Жарандык авиация агенттигинен билдиргендей, учурда Кыргызстандын ички авиарыногунда Avia Traffic, Tez Jet, Aero Nomad Airlines жана Sky Fru деп аталган төрт компания иш алып барат. Баткен, Раззаков жана Жалал-Абадга Tez Jet компаниясы гана учат. Калган үч компаниянын учактары чоңураак болуп, аталга үч шаардын чакан аба майдандарына коно албагандыктан, Ошко гана каттайт.

Жарандык авиация агенттигинин директорунун орун басары Канат Төлөгөнов авиабилеттин баасынын кымбатташына инфляциянын өсүшү түз таасир кылып жатат деп эсептейт. Муну менен катар, ички рынокто компаниялардын аздыгы жана атаандаштыктын төмөндүгү да жеке команиялардын баа саясатын түзүп жатканын айтат.

“Баанын жарымы эле – бул авиакеросиндин баасы. Дагы 40% учуу чыгымдары деген – учкучтардын, кызматкерлердин айлыгы, тетиктер, оңдоо иштери болот. Ички каттамдардын дагы эң минималдуу кошумча чыгымы – аба майданда аэронавигациялык жыйымдар дегени бар, бирок ал эң минималдуу түрдө 5-8%, мүмкүн 10%га чейин жетет. Биз аналитика жасаганбыз, эгерде биз акыркы беш жылда мунайдын баасы менен билеттин баасы кандай өскөнүн салыштырсак, билеттин баасы анча деле көп өскөн эмес. Мунай, учуу чыгымдары, доллардын курстук айырмасынын өскөнүн эске алсак, билеттин баасы кескин өскөн жок. 2012-жылдан 2024-жылга чейин доллардын курсу 87%, мунай 75%, а билеттин баасы 43,5%га жогорулаптыр. Баткен багыты боюнча 2012-жылы 4180 сом болчу, азыр мына 6000 сом”.

Төлөгөнов авиакомпаниялардан түз алганда билеттер бир кыйла арзан болорун, кардарлар ортомчу компаниялардан сатып аларда ошону эске алышы зарыл экенин белгилейт.

Bookit компаниясынын жетекчиси Евгений Быстров авиабилеттердин кымбаттап жатышын ички каттамдарга суроо-талаптын көбөйүшүнөн жана компаниялардын чыгымынын өсүп жатышынан улам жаралган жагдай деп билет.

“Суроо-талап жогору, бош орун жок болгондуктан, авиакомпаниялар бааны кымбаттатып жатат. Баа соңку жарым жылдан бери өсүп жатат. Биз дагы карап турабыз, статистика боюнча январдан бери өсүп келет. Мурда Ошко билеттин баасы 3900-4000 сом болсо, азыр 4500-4800 сом болууда. Бир жума алдыга сатылып кетет. Мен билгенден, ички каттамдар мамлекет тарабынан дотацияланбайт. Аба майданы авиакомпанияларга кандайдыр бир арзандатууларды бериши мүмкүн. Бирок, Орусия менен Казакстандагыдай кылып түз каржылабайт. Мен авиакомпаниялар эмне үчүн бааны көтөрүп жатышканын түшүнүп турам. Бир жагынан суроо-талап көбөйгөн болсо, экинчи жагынан алардын чыгымдары да өстү да”.

Жаңы учактар келсе билет арзандайт

“Манас” аба майданы Asman Airlines деген туунду компания түзүп, ага эки учак сатып алган. Алардын биринчиси – канадалык de Havilland заводунан чыккан Dash 8-400 учагы Кыргызстанга сентябрь айынын башында келип, тиешелүү каттоо, сертификациялоо иштери жүргөндөн кийин, ички каттамдарга коюлмакчы. Жаңы учактын алгачкы каттамы 28-сентябрда аткарыла баштайт деп болжолдонуп жатат. Мындан тышкары, дагы бир учак кийинки жылы алып келинет.

“Манас” аба майданынын жетекчиси Манас Самидинов Кыргызстандын ички авиакаттамдарынын баалары сентябрдын соңунан тарта акырындап арзандай баштарын билдирди. Ал ошол үч учак ички каттамдарды толук жабат деп ишендирет.

“Жеке компаниялардын финансылык-экономикалык маселелерине биз кийлигише албайбыз. Бардыгын өздөрү түзүшөт. Алардын баасына биз эле эмес, Жарандык авиация агенттиги да кийлигише албайт. Алардын өздөрүнүн экономикасы, эсептери бар, ошону менен иш алып барышат. Биздин өзүбүздүн мамлекеттик компаниябыз ачылганда, анын рентабелдүүлүгүн өтө минималдуу кылып, билет баасын элге жеткиликтүү кылганга шарт түзөбүз. Мен ишенимдүү айта алам, азыркы баадан биздин бааларыбыз арзаныраак болот. Сентябрдан тарта учагыбыз учуп баштаганда, биз бааларды арзандатып баштайбыз. Бирок, дароо арзандата албайбыз. Анткени, бул жаңы типтеги учак болуп жаткандыктан, алгачкы мезгилдерде командирлердин бардыгы бөлөк мамлекеттерден тартылгандар болот. Анткени, Кыргызстанда мындай учактар эч качан учкан эмес. Азыр дүйнө боюнча чакырылган пилоттордун маянасы өтө чоң болот. Бул дагы билеттин наркына таасир кылат. Ошондуктан, алгачкы учурларда өзгөрүү көп болбошу мүмкүн. Бирок, азыркы баадан кымбат болбойт”.

Манасбек Самидинов жыл соңуна чейин Кыргызстанда бир катар жергиликтүү аба майдандары пайда болорун кошумчалады. Жаз айларында Таластагы аба майданы оңдоп-түзөөдөн өтүп, колдонууга берилген. Казармандагы, Кербендеги жана Караколдогу аба майдандары жакын арада ачыларын, Нарында да өзүнүн аба майданы болорун билдирди. Жалал-Абадда болсо шаар сыртында 300 гектардай аянтка эл аралык аба майданы курулмакчы.

“Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомуна Кыргызстандын аймагындагы 11 аэропорт карайт. Алардын бешөө – “Манас”, “Ош”, “Ысык-Көл”, “Каракол” жана “Баткен” аба майдандары эл аралык, ал эми алтоо –“Жалал-Абад”, “Раззаков”, “Кербен”, “Казарман”, “Нарын” жана “Талас” аба майдандары аймактык макамга ээ.

XS
SM
MD
LG