АКШ президенти Жо Байден, вице-президент Камала Харрис орус абагынан бошогон америкалыктарды алардын үй-бүлөлөрү менен чогуу аба бекетинен тосуп алды.
Алмашылган орусиялыктарды да “Внуково – 2” аба бекетинен президент Владимир Путин өзү күтүп алганы белгилүү болду.
Түркиянын TRT телеканалынын маалыматына караганда, жети өлкөдөн (АКШ, Германия, Польша, Словения, Норвегия, Орусия, Беларус) 26 туткун айырбашталды. Сүйлөшүүлөр Түркиянын атайын кызматынын арачылыгы менен жүрдү.
Бейшембиде түштөн кийин орус өкмөтүнүн учагы Анкаранын аэропортуна конду. Түрк телеканалы АКШдан эки, Германия, Польша, Словения, Норвегиядан бирден учак барганын кабарлады.
Буга чейин The Insider басылмасы өз булактарына таянып, Орусия жана Беларуста кармалып келгендердин тизмесин чыгарган.
Тизмеде АКШнын жана Орусиянын жарандыгы бар Алсу Курмашева, америкалык журналист Эван Гершкович, АКШнын деңиз флотунун мурдагы офицери Пол Уилан, германиялыктар Рико Кригер, Патрик Шебель жана Дитер Воронин, орусиялык оппозиционерлер Владимир Кара-Мурза, Илья Яшин, Навальныйдын штабынын мурдагы координаторлору Лилия Чанышева, Ксения Фадеева, Вадим Останин, андан тышкары Андрей Пивоваров, Олег Орлов, Саша Скочиленко, Кевин Лик жана Герман Мойжистин ысымдары аталган.
Ушул эле күнү АКШнын президенти Жо Байден Орусия менен туткундарды айырбаштоону комментарйиледи:
"Орусияда адилетсиз камакка алынган үч америкалык жаран жана америкалык грин-картага ээ бир жаран – Пол Уилан, Эван Гершкович, Алсу Курмашева жана Владимир Кара-Мурза акыры бүгүн үйүнө кайтууда. Алардын эркиндикке чыгышын камсыз кылган келишим - дипломатиялык эрдик болду. Биз жалпысынан Орусиядан 16 адамды бошотууну макулдаштык, алардын бешөө Германиянын жараны, жетөө өз өлкөсүндө саясий туткунга айланган Орусия жараны. Бул аялдар менен эркектердин кээ бирлери көп жыл бою абакта адилетсиз кармалып отурду. Алар башынан кандай гана азап өткөргөнүн, туңгуюкка кептелгенин элестетүү да мүмкүн эмес. Мына бүгүн алардын тарткан азабы токтоду.
Мен мындай натыйжага жетиш үчүн жүргүзүлгөн оор жана татаал сүйлөшүүлөрдүн башынан аягына чейин бизге колдоо көрсөткөн союздаштарыбызга, анын ичинде Германия, Польша, Словения, Норвегия жана Түркия өлкөлөрүнө ыраазымын. Бул дүйнөдө ишене турган, таяна турган досторуң бар болгону канчалык маанилүү экендигинин даана мисалы. Ортобуздагы биримдик америкалыктардын коопсуздугун бекемдеп турат".
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен президент Байдендин жетекчилиги астында барымтага алынган же адилетсиз кармалган ондогон америкалыкты бошотууга жетишилгенин белгиледи:
“Пол Уилан, Эван Гершкович жана Алсу Курмашева Орусиядан АКШга кайтып келатышат. Мамлекеттик департаменттеги, өкмөтүбүздөгү көптөгөн кишинин аракеттеринин арты менен Кошмо Штаттар алардын, Владимир Кара-Мурзанын жана Орусияда кармалып жаткан дагы 12 кишинин бошотулушун камсыздай алды.
Буга жетишүүгө көмөктөшкөн, бизди колдогон өнөктөштөргө, асыресе Германия, Польша, Норвегия жана Словенияга рахмат. Ошол адамдардын АКШ жана Германияга коопсуз кайтуусу үчүн аянтча түзүп берген түрк өкмөтүнүн аракетин баалайбыз”.
WSJ жазганына караганда, АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан бул алмашууга быйыл абакта өмүрү кыйылган орусиялык оппозиционер Алексей Навальный да кирмектигин ырастаганын жазды.
Дагы караңыз "Кремль Навальныйды киллерге алмашмак"Орусия түрмөлөрүнөн бошотулгандарды Путин ырайым кылганы айтылды.
Орусия кимдерди өткөрүп алды?
Бул ири алмашуунун алкагында Европа мамлекеттери жана АКШ Орусияга сегиз адамды өткөрүп берүүгө макул болгон. Алар: Германиядан Вадим Красиков, Словениядан жубайлар Артем жана Анна Дульцевдер, АКШдан Роман Селезнев, Владислав Клюшин жана Вадим Конощенко, Польшадан Павел Рубцов, ошондой эле Норвегиядан Михаил Микушин.
Алмашылган орусиялыктарды Москвадагы “Внуково – 2” аэропортунда кызыл килем жана ардак кароол менен күтүп алышканын орусиялык мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары көрсөттү.
Аларды учактан тосуп алууга аба бекетине президент Владимир Путин да келди. Бул иш-чарага катышкандардын арасында жогорку кызмат адамдарынан Тышкы чалгын кызматынын башчысы Сергей Нарышкин, коргоо министри Сергей Белоусов да болду. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазышты.
Путин Словенияга Аргентина жаранынын паспорту менен келип, тыңчылык үчүн камалган Анна Дульцевага гүл берип, Германияда чечен оппозиционерин өлтүргөнү үчүн соттолгон Вадим Красиковду кучактады.
“Мен сиздерге антка, милдетке, сиздерди унутпаган ата мекенге ак ниетте болгонуңуздар үчүн ыраазычылык билдирем. Баары мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүлөт. Биз сиздер менен дагы көрүшөбүз. Сиздердин келечегиңиздер жөнүндө сүйлөшөбүз. Азыр жөн гана сиздерди кайтып келишиңиздер менен куттуктайм”, - деди Путин.
Бошотулгандардын бири Вадим Красиков - 2019-жылы 23-августта Берлинде киши өлтүрүүгө шектелип кармалып, 2021-жылы өмүр бою абакка кесилген. Федералдык прокуратуранын айыптоо корутундусунда кылмыш Орусиянын атайын кызматтарынын буйругу менен жасалганы айтылган. Кезинде чечен жикчилдеринин командири болуп, кийин Грузиянын коопсуздук органдары менен кызматташууга өткөн 40 жаштагы Зелимхан Хангошвилини өлтүрдү деп Вадим Соколов аттуу адамдын паспортун алып жүргөн орус жараны кармалган. Кийинчерээк ал кишинин чыныгы аты-жөнү Вадим Красиков экени маалым болгон.
Bellingcat, Der Spiegel жана орусиялык The Insider сайтынын 2020-жылы жарыяланган иликтөөсүндө Вадим Красиков ФСБга караштуу “Вымпел” атайын бөлүгүндө кызмат кылганы, буга чейин дагы бир кишини өлтүрүүгө айыпталганы айтылган.
"Алсу журналист болгону үчүн бутага алынган"
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Стивен Капус Алсу Курмашеванын бошотууга аракет кылган АКШнын өкмөтүнө жана башка катышуучуларга ыраазычылыгын айтты:
“Алсу Орусиядагы жакындарына кам көрүүгө аракеттенген америкалык журналист болгону үчүн бутага алынган. Ал эч кандай жамандык кылган жок. Мындай адилетсиз мамилеге, жакшы көргөн үй-бүлөсүнөн, кесиптештеринен алыс кармалышы туура эмес болгон”.
Орусиянын соту тогуз айдан бери камакта отурган Курмашеваны 6,5 жылга эркинен ажыратканы 22-июлда белгилүү болгон. Татарстандын Жогорку сотунун расмий сайтына Курмашева «орус аскерлери жөнүндө жалган маалымат таратууга» айыптуу деп табылганы тууралуу маалымат жарыяланган.
"Мемориал" укук коргоо долбоору Курмашеваны саясий туткун деп жарыялаган. "Чек арасыз кабарчылар" (Reporters Without Borders - RSF) эл аралык уюму Курмашева адам чыдагыс жана басынтуучу шартта кармалып турганын белгилеп, орус бийлигин аны тез арада бошотууга чакырган. Курмашева өзүнө тагылган айыптарды четке кагууда.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Стивен Капус 1-августта: "Биз адилетсиз камакка алынган саясий туткундардын баары, өзгөчө Алсу Курмашева жана Эван Гершкович сыяктуу журналисттер өз жакындарына кайтарылат деп үмүттөнөбүз", - деген билдирүү тараткан.
"Радионун темир тор артында адилетсиз кармалып турган дагы үч – Беларустагы эки жана Орусия көзөмөлдөгөн Крымдагы бир журналистине "биз силерди унуткан жокпуз" деп айтабыз. “Эркин Европа/Азаттык” радиосу силердин камактан бошотулуп, үй-бүлөңөргө кайтууңарга жетишүү үчүн колдон келгендин баарын жасайт», - деп да белгилеген.
Америкалык дагы бир журналист, The Wall Street Journal гезитинин кабарчысы Орусияда «тыңчылыкка» айыпталып кармалып, бир жылдан ашуун убакыттан бери камакта отурган Эван Гершкович 18-июлда күнөөлүү деп табылып, 16 жылга эркинен ажыратылган.
АКШнын Орусиядагы элчилиги 26-июндагы билдирүүсүндө орус бийлиги Гершковичке коюлган айыпка эч кандай далил келтире албаганын айтып, аны тез арада бошотууга, АКШ жарандарын саясий максатта колдонууну токтотууга чакырган.
АКШга мурдагы Советтер Союзунан көчүп барган иммигранттардын үй-бүлөсүндө туулган Гершкович "кансыз согуштан" бери Орусияда тыңчылыкка айыпталып жаткан алгачкы америкалык журналист.
The Wall Street Journal жана АКШ өкмөтү 32 жаштагы Гершкович расмий уруксат алып, өзүнүн кесиптик милдетин аткарып гана иштеп жүргөн кабарчы болгонун белгилеп, айыпты кескин түрдө четке кагып келишет. Айыбы жок экенин Гершкович өзү да айткан.
Кабарчы 2023-жылы март айында Екатеринбургда жумуш сапары учурунда кармалган. Ал Москванын "Лефортово" тергөө абагында кармалып келди.
Орусиянын Башкы прокуратурасы: "Тергөөчүлөр Wall Street Journal гезитинин кабарчысы америкалык Борбордук чалгын башкармалыгынын (ЦРУ) суроосу боюнча 2023-жылы март айында аскер техникасын өндүрүүчү жана оңдоочу "Уралвагонзавод" өндүрүш ишканасынын ишмердигине байланышкан купуя маалыматты чогултуп жүргөнүн аныктап, документалдуу түрдө тастыкташты", - деп билдирген.
Туткундарды айырбаштоо ыктымалдыгы тууралуу маалымат 31-июлда тарай баштаган. Анын алдында Орусиянын абактарында отурган таанымал бир нече кишинин, арасында оппозицинерлер, АКШ жана Орусия жарандыгы бар Владимир Кара-Мурза жана Илья Яшиндин адвокаттары алар менен байланыша албаганын билдиришкен. Адатта мындай учур камактагылар башка жерге алынып кеткенде болот.
Пол Уиландын адвокаты Ольга Карлова 31-июлда Мордовиядагы колониянын жетекчилиги "америкалык жаран кайда?" деген суроого жооп бербегенин билдирген.
50 жаштагы Уилан Америкадагы автоунаа тетиктерин саткан "BorgWarner" аттуу компаниянын глобалдык коопсуздук боюнча директору болуп иштеген. Мичиганда жашаган америкалык жаран кезинде АКШнын деңиз флотунда кызмат өтөгөн.
Ал Москвада 2018-жылы кармалган. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы анын жанынан купуя маалыматтар сакталган флешка табылганын ырастаган. 2020-жылы ал тыңчылыкка айыпталып, 16 жылга эркинен ажыратылган. Пол Уилан өзү дооматтардын баарын четке кагып, Москвага үйлөнүү үлпөт тоюна гана келгенин айткан.
«Бул иштин артында саясат турат, Орусия АКШнын санкциялары үчүн өч алууну көздөйт» , - деп билдирген. АКШнын Мамлекеттик департаменти ага “Орусияда мыйзамсыз кармалып турат” деген макам ыйгарган.
"Журналисттерди коргоо комитети" Гершкович менен Курмашева туткундарды айырбаштоо алкагында бошотулат деген кабарды кубаттады жана Орусияны камактагы калган журналисттерди кое берүүгө, бозгундагыларды куугунтуктоону токтотууга үндөдү:
“Эван жана Алсу бир топ убакыттан бери үй-бүлөлөрүнөн алыс болуп келди. Алар жок жерден кармалып, айыпталды. Кесибине байланыштуу, көз карандысыз журналистика үчүн жазалоону көздөшкөн. Алар азат кылынат деген кабарды кубаттайбыз. Бирок Орусия эркин басма сөздү басмырлоону улантууда. Москва камалган журналисттердин бардыгын бошотууга жана бозгунда жүргөн орусиялык журналисттерди сыртынан камакка алуу ордерлерин берүүнү, өкүм чыгаруу кампаниясын токтотууга тийиш”, - деп билдирди уюмдун аткаруучу жетекчиси Жуди Гинзберг.