"Кыргызалтын" кендерди чалгындоо жана иштетүү үчүн 15 лицензия алды

Иллюстрациялык сүрөт.

“Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасы Кызыл-Омпол кенинин аймагындагы Таш-Булак участогунда геологиялык чалгындоо жана кенди иштетүү үчүн лицензия алды. Бул тууралуу “Кыргызалтындын” башкармалыгынын төрагасынын орун басары Нарынбек Сатыбалдиев 1-августта өткөн маалымат жыйында билдирди.

“Биз лицензияны кечээ күнү гана алдык. Эреже боюнча биз долбоорду даярдап, аны экспертизадан өткөрүшүбүз керек. Андан кийин гана ишти баштоого болот”, - деди Сатыбалдиев.

Ал ошондой эле ишкана жалпы 15 лицензияга ээ болгонун, эми геологиялык чалгындоо жана кендерди иштетүүнү баштай турганын тактады.

  • Үңкүрташ ири алтын кени (Үңкүрташ, Каратөбө, Сарытөбө) металлдын кору 86 тонна;
  • Терек жана Каракала алтын жана жез кендери;
  • Чакуш алтын кени;
  • Миронов алтын жана жарым металлдар кени;
  • Балажан кварцит кени;
  • Чекчей кварц кени;
  • Миң-Теке көмүр кени;
  • Таш-Булак участогу (Кызыл-Омпол кени).

Сатыбалдиев бул кендерди изилдөө жана баалоо боюнча иштерди алгач “Кыргызалтын” өзү алып барарын, кийин кенди иштетүүгө сынактын негизинде инвесторлор тандала турганын кошумчалады.

27-май күнү президент Садыр Жапаров Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берген мыйзамга кол койду.
Муну менен өлкөдө уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө мыйзам күчүн жоготту деп табылды.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Кызыл-Омполдо болжол менен 14 млн 757 миң тонна кен бар. Анын ичинен 95% титаномагнетит, 3% фосфор, 2% цирконий, 0,22% торий жана 0,17% уран.

Дагы караңыз

Садыр Жапаров темир жол жаатында иш жүрүп жатканын айттыЭкономика министрлиги автоунааларга милдеттүү техникалык кароо киргизүүнү сунуштадыBloomberg Украинага F-16 учактары берилгенин жазды Париж-2024: Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу чейрек финалга чыкты