Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:49

Садыр Жапаров темир жол жаатында иш жүрүп жатканын айтты


Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолунун курулушу. Архив сүрөт.
Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолунун курулушу. Архив сүрөт.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы темир жол тармагына көңүл бурулуп, “Кыргыз темир жолу” ишканасынын техникалык паркын жаңылоо, таразаларды ишке киргизүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

Бул тууралуу мамлекет башчы 1-августта Бишкекте кыргыз темир жолунун 100 жылдыгына арналган иш-чарада сүйлөгөн учурда айтты.

Ал магистралдык жолдорду оңдоо жана узартуу, заманбап технологиялар менен жүк ташууларды башкаруунун автоматташтырылган системасына өтүү боюнча да иштер жүрүп жатканын белгиледи.

“Биз Советтер Союзунан 424,6 чакырым темир жолду мурастап калганбыз. Эгемендик жылдарында мамлекет тарабынан 1 метр дагы темир жолу курулган эмес, тескерисинче, кемип кеткен, муну өзүңүздөр билесиңер. Мамлекетибиз үчүн темир жол тармагын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн жана зарылчылыгын түшүнүү менен 2022-жылдан баштап биз Кыргыз Республикасынын улуттук экономикасын өнүктүрүү үчүн зор стратегиялык мааниге ээ амбициялуу долбоорлорду ишке ашырууга кириштик”, - деген Жапаров 2022-жылы жазында башталган “Балыкчы – Кочкор - Кара-Кече – Макмал” темир жол долбоору Балыкчы шаарынан ары карай 43-чакырымга жеткенин кошумчалады. Бул Кыргызстандын түндүк менен түштүк аймагын бириктирип, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолуна байланыштырган долбоор болорун тактады.

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу Борбор Азияга, андан ары Иран, Түркия, Евробиримдикке кирген өлкөлөргө чейин жүк жеткирүүгө шарт түзөрүн, экономикалык жактан пайдалуу жана геосаясий туруктуулук үчүн маанилүү долбоор экенин белгиледи.

Жапаров "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамга 27-июнда кол койгон.

Темир жол “Кашкар - Торугарт - Макмал - Жалал-Абад - Анжиян” багытында түшөт. Анын узундугу жалпы 480 чакырымды түзсө, 311,75 чакырымы Кыргызстандын аймагынан өтөт. Кыргыз жергесинде 18 бекет, 81 көпүрө, 41 тоннел курулат. Макмалдын эки жагындагы колея эки башка өлчөмдө курулуп, ал жерге жүктү кайра жүктөөчү станция салынат. Темир жол жүк ташуучу да, жүргүнчү ташуучу да милдетти аткара алат.

Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстан өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашууга 2024-жылы 6-июнда Бээжинде кол коюлган.

XS
SM
MD
LG