Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:01

Bloomberg Украинага F-16 учактары берилгенин жазды


Украинанын армиясы F-16 үлгүсүндөгү кыргын салуучу учактарды “көп эмес санда” алганын Bloomberg агенттиги булактарына таянып жазды.

Эгер мындай маалымат так болуп чыкса, бул Украинага берилген алгачкы америкалык кыргын салуучу учактар болуп калат.

Агенттиктин булактары украин күчтөрү учактарды согушка дароо колдоно алабы же дагы даярдык көрүү иштери жүрөрү белгисиз экенин аныктаган.

Киев техникалардын берилиши боюнча болжолдуу маалыматтарга комментарий бере элек.

Украин бийлиги Батыштан чыккан кыргын салуучу учактарды берүүнү Орусия кол салган 2022-жылдын башынан бери сурап келген. 2023-жылы АКШнын макулдугу менен бир катар өлкөлөр Киевге ушул үлгүдөгү техниканы берүү чечимин кабыл алганын “Свобода” радиосунун украин кызматы белгиледи.

Быйыл май айынын соңунда украиналык учкучтардын алгачкы тобу АКШда F-16 учагын башкаруу боюнча окуудан өткөн. Алар Аризона штатындагы Улуттук гвардиянын аскердик-аба базасында 2023-жылдын октябрь айынан бери даярдык көрүшкөн. Мындан кийин пилоттор кошумча даярдыктан өтүү үчүн Европага барышкан.

Март айында The New York Times басылмасы быйыл июлда Украина F-16 учагынан алты даана алышы мүмкүн экенин жазган. Мындан тышкары басылма учактарды тейлөө үчүн 50 чакты украиналык техникалык кызматкерлер даярдыктан өткөнүн тактаган.

General Dynamics F-16 1970-жылдардын ортосунан баштап чыгарып келет, бул техника - эң көп кездешкен төртүнчү муундагы кыргын салуучу учак. Ал абадагы жана жердеги объектилерге сокку урууга ыңгайлашкан жана жыйырмадан ашык өлкөдө бар техниканын түрү. 2023-жылдагы маалымат боюнча, бир катар өлкөнүн аскердик-аба күчтөрүнүн тизмесинде F-16 учагынан 2100 даана бар.

XS
SM
MD
LG