Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:16

Экономика министрлиги автоунааларга милдеттүү техникалык кароо киргизүүнү сунуштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанда автоунааларды техникалык кароодон милдеттүү өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу токтом долбоору 1-августта коомдук талкууга коюлду.

Министрлик мындай чара экологиялык абалды жакшыртуу максатын көздөй турганын белгилеген.

Ички иштер министрлигинин быйыл жыл башындагы эсеби боюнча 1 млн 600 миң 691 унаа каттоодон өтсө, анын ичинен 1 млн 387 миң 679унун же жалпы автоунаалардын 86,6% заводдон чыкканына 15 жылдан ашкан.

Ал эми заводдон чыкканына беш жылдан ашкан унаалар милдеттүү техникалык кароодон өтүүгө милдеттендирилет.

Болжол менен каттоодон өткөн техниканын 20% маалымат базасында катталган. Бирок ар кандай техникалык себептен улам пайдаланылбайт. Аларды алып салганда, техникалык кароодон өтүшү керек болгон автоунаалардын жалпы саны 1 млн 259 миң 849га жетет.

“Бардык транспорт каражаттары үчүн милдеттүү техникалык кароону киргизүү Бишкек жана Ош шаарларында гана эмес, экологиялык абалды жакшыртуу үчүн шарттарды түзөт жана автотранспорттон абаны булгоочу заттардын чыгарылышын азайтууга көмөк көрсөтөт, анткени республикада автомототранспорттун негизги паркын чыгарылган жылы 15 жылдан ашык болгон транспорттор түзөт. Техникалык кароону киргизүү жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга да көмөк көрсөтөт”, - деп жазылган долбоордун маалымкат-негиздемесинде.

Мыйзамга ылайык, азыркы учурда жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, кооптуу жүктөрдү жана атайын, адистештирилген транспорт каражаттарын техникалык кароодон милдеттүү түрдө өткөрүү керек.

Кыргызстанда катталган 1 млн 600 миң 691 автоунаанын 86 миң 108и юридикалык жактарга, калган 1 млн. 514 миң 583ү жеке адамдарга катталган.

Өлкөдө 2012-жылдан тартып автоунааларды милдеттүү түрдө техникалык көзөмөлдөн өткөрүү талабы жокко чыгарылган.

XS
SM
MD
LG