Мамдума аскердик каттоодон баш тарткандарды жарандыктан чыгаруу мыйзамын кабыл алды

Орусиянын Мамлекеттик Думасы.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы орус жарандыгын алгандан кийин милдеттүү түрдө аскердик каттоого туруу жөнүндө мыйзам кабыл алды. Аны сактабагандар жарандыктан ажыратылат. Өзгөртүүлөр “Жарандык жөнүндө” жана “Аскердик милдет жөнүндө” мыйзамдарга киргизилди.

31-июлда депутаттар ал мыйзамдарды дароо үч окууда кабыл алды.

Орусиянын жарандыгын алган эркектер азыр деле аскердик каттоого турууга милдеттүү. Анткен менен, мыйзам долбооруна киргизилген өзгөртүүдө жазылгандай, “жарандык алгандан кийин аскердик каттоого турбай койгон фактылар көп”. Мындан улам Мамлекеттик Дума жарандык алуу жана аскердик каттоого туруу жараяндарын бириктирүүнү сунуштоодо.

Бул мыйзам негизинен Орусиянын жарандыгын алган мигранттарга тийиштүү.

Украинадагы согушка баруудан баш тарткан мигранттардын орус паспортун тартып алууну былтыр күздө Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин сунуштаган.

“Эгер Орусиянын жараны экенине карабай аскердик милдетин аткарууга даяр болбосо, анда мындай адамды жарандыктан ажыратуу керек”, - деген ал.

Былтыр жайдан тартып Орусияда мигранттарга каршы рейддер күч алган. Полиция кызматкерлери орус паспортун алып жүргөндөрдү кармап, аскердик каттоого тургузушкан. Ал эми былтыр жыл соңунда аскердик каттоого туруудан баш тарткан борбор азиялык мигранттарды жарандыктан ажырата башташканы тууралуу кабарлар чыкты.

Дагы караңыз

Ысык-Көлдөгү 12 пансионаттын иши убактылуу токтотулдуУКМК абитуриенттерден акча алууга шектүү жаранды кармадыМамдума блогерлер менен каналдардын ээлерин "Роскомнадзорго" маалымат берүүгө милдеттендирди