12 пансионатты иши экологиялык талаптарга жооп бербегени үчүн токтотулду.
Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова 30-июлдагы маалымат жыйында билдирди.
Президенттин 2022-жылдын 26-апрелиндеги "Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү" жарлыгынын негизинде санаторийлерге, пансионаттарга жана эс алуу жайларга инвентаризация жасалган.
Жалпы 1127 эс алуу жайы аныкталып, алардын 165инин саркынды сууларды тазалоочу жайлары бар, 208инин канализация тутуму борборлоштурулган же башка эс алуу жайлардыкына кошулган. Жаңы курулуп жаткан жайлардын саны 39. Ал эми тазалоочу курулмасы жок жайлардын саны 754 экени белгилүү болду.
Аларга эскертүү берилип, 12 пансионаттын (Семеновка айылындагы «Дальний кардон», Корумду айылындагы «Смена», Бостеридеги «Белек», «Золотые пески», «Взморье Сити», «Асыл-Таш», Кош-Көл айылындагы «Ой-Керемет», «Золотой Трэбас», Тору-Айгыр айылындагы «Улан», Чок-Тал айылындагы «Кооператор», Чолпон-Ата шаарындагы «Чолпон-Ата», Бактуу-Долоноту айылынын А.Чалжанов атындагы эс алуу жайлары) иши экологиялык талаптарга жооп бербегени үчүн убактылуу токтотулду.
Раимкулова коопсуздук үчүн эс алуу аймактарында кээ бир суу транспорт каражаттарын колдонууга тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоору демилгеленип, каралып жатканын айтты.
Былтыр 2023-жылы жайында аймакка 1,3 миллион конок келгени расмий кабарланган.
Көлдөрдү, сууларды сактап калуу максатында 2002-жылы Кыргызстан Рамсар конвенциясынын №54 мыйзамына кол койгон. Ага ылайык, эл көп келген көлдөрдү таза кармоого, сактоого милдеттенме алган.
Ысык-Көлдүн булганышы, суу ресурстарын сарамжалсыз пайдалануу, климаттын өзгөрүшү жана туризм сыяктуу бир катар чечүүнү талап кылган көйгөйлөр бар. Экологдор бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн Ысык-Көлдүн уникалдуу экосистемасын сактоого жана анын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган комплекстүү чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу зарылдыгын айтып келишет.