Орусия: Камактагы Уиландын кайда экени белгисиз болууда

Орусияда тыңчы катары соттолгон америкалык жаран Пол Уилан.

Орусияда камакта жаткан АКШнын жараны, мурдагы деңиз аскери Пол Уиландын кайда экени белгисиз болууда. Бул тууралуу анын адвокатына таянып орус мамлекеттик маалымат каражаттары жазышты. Адвокат Ольга Карлованын айтымында, Уилан 16 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Мордовия түрмөсүнүн администрациясы анын кайда экенин айтуудан баш тарткан.

Карлова кошумчалагандай, Уилан менен байланыш бир нече күн мурда үзүлүп калган. Мындан улам ал укук коргоо органдарына кайрылган. 29-июлдан бери саясий негизде кесилген бир нече таанымал орус жарандарынын кабары чыкпай, кийин алар башка жабык жайларга которулганы маалым болгон.

50 жаштагы Пол Уилан Америкадагы автоунаа тетиктерин саткан "BorgWarner" аттуу компаниянын глобалдык коопсуздук боюнча директору болуп иштеген. Мичиганда жашаган америкалык жаран кезинде АКШнын деңиз флотунда кызмат өтөгөн.

Ал Москвада 2018-жылы кармалган. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы анын жанынан купуя маалыматтар сакталган флешка табылганын ырастаган. 2020-жылы ал тыңчылыкка айыпталып 16 жылга эркинен ажыратылган. Пол Уилан өзү дооматтардын баарын четке кагып, Москвага үйлөнүү үлпөт тоюна гана келгенин жана «бул иштин артында саясат турат, Орусия АКШнын санкциялары үчүн өч алууну көздөйт» деп билдирген. АКШ департаменти ага “Орусияда мыйзамсыз кармалып турат” деген макам ыйгарган. Буга ылайык, Вашингтон аны чыгарып кетүү боюнча кошумча механизмдерди иштетип, айырбаштоо тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алат.

Дагы караңыз

Ысык-Көлдөгү 12 пансионаттын иши убактылуу токтотулдуУКМК абитуриенттерден акча алууга шектүү жаранды кармадыМамдума блогерлер менен каналдардын ээлерин "Роскомнадзорго" маалымат берүүгө милдеттендирди