Казакстан: Сот хижаб кийген кыздардын окууга киргизилбешин мыйзамсыз деп тапты

13 жаштагы Анел Мусина.

Казакстандын айрым аймактарында сот мектеп администрациясынын жоолукчан кыздарды сабакка киргизбей коюусун жана окуудан чыгаруусун мыйзамсыз деп тапты. Бирок соттон утуп чыккан ата-энелер менен мектептердин тиреши токтой элек.

Соттун чечими бар, бирок окуучу кыз мектепке кире албай жүрөт

Казакстандын Караганды шаарында жашаган 13 жаштагы Анел Мусинанын ата-энеси кызын сабакка киргизбегендиги үчүн мектеп жетекчилигин сотко берип, утуп алган. 7-класстын окуучусу Анел жоолук салынып келгендиктен, мугалимдер сабака киргизбей койгон.

Анелдин атасы Болат Мусин кызын окууга кайра кабыл алуу боюнча соттун чечимин алып, мектепке барган. Ал кызын бир жыл окуу программасынан артта калбашы үчүн окууга кайра кабыл алуу жөнүндө арыз жазган. Бирок мектеп жетекчилиги Болат Мусиндин өтүнүчүн кабыл алган эмес.

"Кызымдын эмне үчүн мектепке кабыл алынбай калганын түшүндүрүп, мага кат жүзүндө жооп берүүсүн сурандым. Алар баш тартышты. Сотто далил болсун деп баарын видеого тартууга туура келди. Мектеп жетекчилиги кызымды мектепке албай, мындан ары да убара кылат окшойт. Бул өтө өкүнүчтүү. Соттун чечими бар, бирок аткарылбай жатат", - дейт Болат Мусин.

Быйыл окуу жылы аяктагандан кийин Караганды шаарынын административдик соту Болат Мусиндин арызын канааттандырган. Анын кызы шаардагы Назарбаев интеллектуалдык мектебинен 2023-жылы четтетилген. Мектептен чыгарылганга чейин Анел диний кийим кийип келгени үчүн дисциплинардык жазага тартылган. Ата-энеси мугалимдер Анелди сабакка киргизбей жатканын видеого тартып, милицияга чалып, арыз жазышкан.

Болат Мусин.

Сот кыздын ата-энесинин арызы негиздүү экенин белгилеп, Анелди мектептен чыгаруу буйругун мыйзамсыз деп таап, аны жокко чыгарган. Ошондой эле мектеп жетекчилигине окуучуну кайра кабыл алып, 8-класска которууну тапшырган. Сот бул чечимин акысыз орто билим алуу Конституцияда кепилденгени менен түшүндүргөн. Чечимде билим берүү мекемесине окуу формасынын талаптарын бузган окуучуну сабактан четтетүү укугу берилбейт деп жазылган.

"Иштин материалдарына ылайык, окуучу Анел Мусина жоолук салынганы үчүн сабактан чыгарылган. Мектеп жетекчилигинин бул аракети окуучунун орто билим алуу укугун бузган", — деп айтылат соттун чечиминде.

Сот Казакстандын Конституциясынын 14-беренесинин 2-пунктуна таянган. Анда жарандар диний көз карашы боюнча басмырланбашы керектиги айтылат. Судья 1989-жылы 20-ноябрда кабыл алынган жана 1994-жылы Нью-Йоркто кол коюлган "Балдардын укуктары жөнүндө" конвенцияга ылайык, эл аралык укуктун субъекти катары Казакстан балдардын кызыкчылыктарын биринчи орунга коюуга милдеттүү экенин эскерткен.

Караганды шаардык сотунун чечиминде ошондой эле окуучунун окуу формасынын талаптарын бузгандыгы үчүн сабактарга киргизилбей калгандыгы тууралуу маалымат мамлекеттик органдарга кабарланганы жазылган.

"Билим берүү бөлүмүнүн маалыматы боюнча, токтомдо көрсөтүлгөн мектеп директору дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды", - деп айтылат соттун чечиминде.

"Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы Елена Вебер "Анел Мусина кайра мектепке кабыл алынабы?" деген суроо менен Карагандыдагы Назарбаев интеллектуалдык мектебине кайрылган. 25-июлда мектептен жооп келди.

"Жеке билим берүү мекемеси катары биринчи инстанциядагы соттун чечимине макул эмес болгондуктан, апелляциялык арыз берет. Окуучуну мектепке кайра кабыл алуу боюнча ата-энесинин өтүнүчү кабыл алынган жок, анткени соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кире элек", - деп билдирди мектеп жетекчилиги.

Башка аймактардагы соттун чечимдери

Быйылкы жылдын июнь айында Павлодар облустук соту 6-9-класстын окуучуларынын апасынын арызын канааттандырып, билим берүү мекемесин окуучу кыздарды сабакка киргизүү чечимин чыгарган. Сот Калкаман айылындагы мектеп администрациясынын аракетин мыйзамсыз деп тапкан. Билим берүү министрлигинин Балдардын укугун коргоо комитети соттон "жашы жете электердин кызыкчылыгын эске алуу менен" чечим чыгаруусун суранган. Судья окуучу кыздарды колдоп, "Конституцияда мамлекет ар бир адамга орто билим берүүгө милдеттүү" деп түшүндүрдү. Соттун айтымында, мыйзамда мектеп формасын кийбеген окуучуну сабакка киргизбөө чарасы каралган эмес.

Июнь айында Алматы облусунун Каскелең шаарында дагы бир сот жараяны тараптардын макулдашуусу менен аяктаган. Эки окуучу кыздын ата-энеси жоолук салынган кыздарын сабакка киргизбей койгону үчүн мектеп жетекчилигин сотко берген. Алар мугалимдердин бул аракетин мыйзамсыз деп таап, балдардын орто билим алуу укугун чектөөгө тыюу салууну суранышкан. Сотто тараптар орток пикирге келишкен. Келишимдин шарттарын жарыялоого уруксат берилген эмес. Бирок кийин Уйгур районундагы Шагын Аксуу орто мектебинин эки окуучусу окуусун улантары белгилүү болду. Мектеп жетекчилиги соттун талабын аткарбаса, жоопко тартылат.

Жакында ушундай эле окуя Түркстан облусунда да катталды. Жоолук салынган окуучунун ата-энеси билим алуу укугу чектелип жатканын айтып, мектептин аракетин мыйзамсыз деп табууну суранышкан. Сот арызды жарым-жартылай канааттандырды: судья мектептин окуучуну киргизбеген аракетин мыйзамсыз деп тапты, бирок окуучуну мектепке киргизбей коюуга тыюу салуудан баш тартты. Сот муну доогер экинчи талабында кайсы окуучу жөнүндө айтып жатканын тактабаганы менен түшүндүргөн.

Учурда Түндүк Казакстан облусунда дагы бир сот иши каралууда. Ал жерде окуучу кыздын ата-энеси кызынын жоолугун чечүүгө ата-энелерди милдеттендирген жашы жете электердин иштери боюнча комиссиянын чечимин мыйзамсыз деп табууну суранышууда. Ата-энелер комиссия балдардын тарбиясына кийлигише албастыгын айтат.

Сот: окуучулардын конституциялык укугу бузулган

Мектептин окуучу кыздарды сабакка киргизбей коюусун мыйзамсыз деп тапкан соттордун дээрлик баары форма кийүү талабын бузган окуучуларды сабактан четтетүү чарасы мыйзамда каралбаганын белгилешет.

"Азыркы мыйзамга ылайык, окуу процессине кирүүгө эч кандай чектөө же тыюу салууга, анын ичинен мектеп формасына карата талаптарды бузган окуучуга мындай чара колдонууга болбойт", - деп айтылат соттун чечиминде.

Казакстанда милдеттүү мектеп формасына карата талап Билим берүү жана илим министрлигинин 2016-жыл, 14-январдагы буйругу менен бекитилген.

"Мектеп формасы классикалык стилде, бирдиктүү түстө тигилет. Үчтөн ашпаган түстөрдү айкалыштырууга жол берилет. Мектеп формасынын түсү кадимки жана ачык эмес түстөрдөн тандалат. Мектеп формасына ар кандай диний конфессияларга тиешелүү кийим элементтерин кошууга жол берилбейт", - деп айтылат буйрукта.

Сот буйрукта мектеп формасын бузган окуучу сабакка киргизилбесин деген норма жок экенин айтат. Судьянын пикиринде, бул мыйзамга каршы келет, мектептин аракети баланын орто билим алуу укугун бузат. Бул аракет мамлекеттин "орто билим берүү тармагында баланын кызыкчылыгын коргоо" милдеттенмелерине туура келбейт.

Сотко кызыкдар тарап катары чакырылган Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү Болат Мусиндин арызы боюнча ишти судьянын кароосуна калтырган. Бирок айрым учурларда сот отурумдары Билим берүү министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусуз өткөн. Ал эми министрлик соттун чечимдери боюнча расмий билдирүү жасаган жок. Ага чейин казак бийлиги окуу жылынын ортосунда жоолук салынууга жана ар кандай диний кийимдерди кийүүгө тыюу салынганын билдирген. Акордо мындай чектөөлөрдү светтик өлкөнүн принциптери менен байланыштырууда.

Жасулан Айтмаганбетов

Казакстанда динчил үй-бүлөлөр дуушар болгон көйгөйлөрдү көтөргөн укук коргоочу Жасулан Айтмаганбетов өлкөдө биринчи жолу сот жоолук салынган окуучулар жана ата-энелердин арызын канааттандырган чечимдерди жапырт чыгарганын белгилейт. Бирок мектеп директорлору, билим берүү бөлүмдөрү жоолукка каршылыгын токтото элек.

"Соттор Конституцияда көрсөтүлгөн билим алуу укугуна артыкчылык берип атышат. Бирок мектептер соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кире электигин, апелляциялык арыз берүүгө укугу бар экенин айтып, окуучу кыздарды кайра сабакка киргизүүгө кызыкпай турат", - дейт укук коргоочу Жасулан Айтмаганбетов.

Анын айтымында, соттор балдардын кызыкчылыгын коргоо боюнча чечим чыгарганы менен, жаңы окуу жылында жоолукчан кыздарды сабакка киргизбөө аракеттери улантылышы мүмкүн.

"Муну кечеңдетүүгө буга чейин айрым депутаттар тарабынан көтөрүлгөн жоолукка тыюу салуу маселесин кандайдыр бир жол менен кароо аракети себеп болушу мүмкүн. Бирок кимдир бирөөнүн "каалоосуна" эмес, мыйзамда белгиленген нормаларга гана таяныш керек. Алар муну дагы эле экстремизм жана терроризмге каршы күрөш менен байланыштырууга аракет кылышат, бирок бул жерде айрым чакырыктар адам укуктарын бузууга негиз болбошу керектигин унутпоого тийишпиз", - дейт укук коргоочу.

Буга чейин Конституциялык соттун төрайымы Элвира Азимова укук коргоочу Жасулан Айтмаганбетовдун "мектеп жетекчилиги окуучунун билим алуу укугун чектей алабы?" деген суроосуна Конституциянын 39-беренесине таянып жооп берген. Аталган беренеде "Адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери конституциялык түзүлүштү, коомдук тартипти, адамдын укуктарын жана эркиндиктерин, калктын саламаттыгын жана адеп-ахлагын коргоо максатында зарыл болгон өлчөмдө жана мыйзам менен гана чектелиши мүмкүн" деп айтылат.

Казакстанда жоолук талашы мектептерде эле эмес, коллеждерде да байкалат. Алсак, жакында эле Карагандыда ата-энелер эки жеке менчик коллеж абитуриенттердин документтерин жоолук салынгандыгы үчүн кабыл алуудан баш тартып жатканына даттанышкан. Ата-энелер балдарынын билим алуу жана кесип тандоо укугун чектебөөнү өтүнүп, облустук билим берүү башкармалыгына, билим берүү тармагындагы сапатты камсыздоо башкармалыгына жана дин иштери боюнча башкармалыгына кайрылышкан. Азырынча расмий жооп келе элек.

Ал эми Казакстандын бийлиги диний мүдөөдөн улам куугунтуктоо фактыларын төгүндөп келишет.

Эл аралык диний эркиндик боюнча АКШ комиссиясынын май айында жарыяланган отчетуна ылайык, Казакстанда дин тутуу эркиндиги жаатындагы кырдаал жакшырган жок.

Ал комиссия расмий Вашингтонго Казакстанды "дин тутуу эркиндиги багытындагы олуттуу мыйзам бузууларга кайдыгерлик же катышуу жагынан байкоо жүргүзүү боюнча атайын тизмеге" киргизүүнү сунуштаган.

"Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы Елена Вебердин макаласын орус тилинде бул жерден окуй аласыз.