Якутияда аялынын кулак-мурдун кесип салган жаран 5,5 жылга соттолду

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияга караштуу Якутия (Cаха) жумуриятында сот Евгений Ивановду аялынын кулак-мурдун кесип, саламаттыгына оор залака келтиргени үчүн айыптап, 5,5 жылга кести.

Олекмин райондук соту 30-июлда чыгарган өкүмгө ылайык, 43 жаштагы Иванов 2 миллион кенемте төлөп берүүгө тийиш.

Жабырлануучу Анастасия Иванова өтө жумшак жаза чыгарылып калды деген пикирде.

"Жок дегенде сегиз жыл беришет деп үмүт кылгам. 2 миллион рубль кенемтени ал баары бир мага төлөп бербейт", - дейт Иванова.

Окуя 2024-жылдын апрель айында, Евгений Иванов маңзат сатууга айыпталып, түрмөдө жазасын өтөп келгенден кийин болгон. Аялы ажырашарын айтканда, Иванов балдарынын көзүнчө анын кулак-мурдун кесип салган.

Ушул өңдүү окуя 2023-жылы Кыргызстанда да болгон. Былтыр 20-сентябрда Чүйдүн Селекция айылында мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган 36 жаштагы Ногойбаева кабылган окуя коомчулуктун үрөйүн учурган.

Быйыл 26-январда Чүй облусунун Сокулук райондук соту Азамат Эстебесовду 20 жылга абакка кесип, аны жабырлануучуга 2 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирген.

Ногойбаева жакында эле мурдагы күйөөсү абактан уюлдук телефондон коркуткан каттарды жазып жатканын билдирип, адвокаты Индира Саутова атайын прокуратурага арыз тапшырды.

Дагы караңыз

УКМК абитуриенттерден акча алууга шектүү жаранды кармадыИран ХАМАСтын лидеринин өлүмү иликтенерин билдирдиЖыл соңуна чейин аймактарда жаңы аэропорттор курулат